Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ҮҢКҮР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Үңкүр айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2017-жылдын 26-январы №1
«Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө»
Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз III сессиясы Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө маселени угуп жана талкуулап добуш берүүнүн негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 6-бөлүгүнүн 49-беренесинин негизинде Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Жолдошов Оморбек Мамираимович шайлансын.
2. Бул токтом мамлекеттик тилде Кызыл-Үнкүр айыл аймагынын www.kyzylunkur.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
4. Бул токтомдун көчүрмөсүн райондук Аймактык Шайлоо Комиссиясына жөнөтүү жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ж.Тагаевага милдеттендирилсин.
Төрага | Жамгырчиев А. |