Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ҮҢКҮР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Үңкүр айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2017-жылдын 28-марты №1
«Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын «Чат көпүрө» жана «Жаз Кечүү» постунда малдардын жазгы жана жайкы жайыттарга өз убагыда өткөрүү, ар кандай кагаз билет тактамаларына көзөмөл жүргүзүү жөнүндө»
Жогорудагы маселени угуп жана талкуулап Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Үнкүр айыл аймагында айыл чарба малдарын жайкы жайыттарга жайгаштыруу, жайыт пайдалануучулардын жайыттарды пайдалангандыгы үчүн жайыт акыларын төлөтүү жайыттарды рационалдуу пайдалануусун көзөмөлдөө жагы Кызыл-Үнкүр токой чарбасынын директору З.Семетеевке милдеттендирилсин.
2. Башка айыл аймагынан келген айыл чарба малдарын жайкы жайыттарга 2017-жылдын 25-майынан баштап посттордон өтүүгө уруксат берилсин.
3. Жергиликтүү айыл чарба малдарын жайлоого көчүүсү 2017-жылдын 15-майга чейин токтотулсун.Жайлоого көчпөгөп жарандарга айыл башчылар жана токой чарбанын токойчусу тарабынан мыйзам чегинде штраф салууга уруксат берилсин.
4. Айыл чарба малдарында жугуштуу ооруларды алдын алуу боюнча иш чара иштеп Чат көпүрө» жана «Жаз Кечүү» посторунда жайлоого өткөн айыл чарба малдарын ар кандай жугуштуу ооруларга каршы эмдөөлөрдү жүргүзгөндүгү туурулуу тактамаларын текшерүү жагы айыл өкмөтүнүн вет. адиси З.Ускенбаевке милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын жүргүзүү Кызыл-Үнкүр токой чарбасынын директору З.Семетеевке милдеттендирилсин.
Төрага | Жамгырчиев А. |