Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ҮҢКҮР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Үңкүр айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2017-жылдын 28-марты № 2
“Кызыл-Үнкүр токой чарбасы боюнча өндүрүлө жана сатыла турган продукциялардын жана ижара акылардын 2017-жылга карата минималдык баасын бекитүү жөнүндө”
Кызыл-Үнкүр токой чарбасынын директору З.Семетеевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап Кызыл-Үнкүр айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Үнкүр токой чарбасы боюнча өндүрүлө жана сатыла турган продукциялардын, ижара акылардын 2017-жылга карата каралган баа өлчөмдөрү төмөндөгүдөй бекитилсин:
-Токой чарбанын бал аары уюктары үчүн 1 кл бал-110сом.
-Жангактын арендасы -1000 сом
-Токой фондунун жерине менчик бал аары уюгун койгондугу
үчүн 1 даана бал челегине -48 сом 06 тыйын
-1га чөп орок -200 сом
-жайыт акы 1 га - -96 сом 12 тыйын
-Сай жээги 1-сотиги -200 сом
-Кайракы жер 1га -310сом
2. Кызыл-Үнкүр токой чарбасы боюнча өндүрүлө жана сатыла турган продукциялардын,ижара акылардын 2017-жылга карата каралган баа өлчөмдөрүн көзөмөлдөө,калктын нааразычылыгын туудурбай иш жүргүзүү Кызыл-Үнкүр токой чарбасынын директору З.Семетеевке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин экология жана токой чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
Төрага | Жамгырчиев А. |