Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2001-жылдын 2-октябры № 86
Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө
(КР 2009-жылдын 19-майындагы № 164, 2013-жылдын 15-ноябрындагы № 201, 2015-жылдын 20-мартындагы № 66 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын кинематографиясы (мындан ары - кинематография) маданият менен искусствонун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет, ал мамлекеттин колдоосу астында сакталууга жана өнүгүүгө тийиш.
Ушул Мыйэам кинематографияны сактоо жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик иштин негизги багыттарын аныктайт жана аны мамлекеттик колдоо тартибин белгилейт.
I глава Жалпы жоболор
1-статья. Кинематография жаатындагы мамлекеттик саясаттын принциптери
Кинематография жаатындагы мамлекеттик саясат төмөндөгү принциптерге:
Кыргыз Республикасынын маданиятынын жана искусствосунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган Кыргыз Республикасынын кинематографиясын (мындан ары - кинематография) сактап калууга жана өнүктүрүүгө мамлекет тарабынан кепилдиктердин камсыз кылынышы;
кино-видеофильмдерди тартууну, жүгүртүүнү жана көргөзүүнү камтыган бирдиктүү тутум катары кинематографияны сактоо жана өнүктүрүү үчүн мамлекеттин жоопкерчилигине;
Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан, анын ичинде коммуналдык (муниципалдык) менчикке өткөрүлүп берилген кино-видеофильмдерди чыгарган, кино-видеофильмдерди жүгүрткөн, кино-видеофильмдерди көргөзгөн мамлекеттик бардык ишканалар менен уюмдарды аткаруу бийлигинин кинематография жаатындага республикалык органына бекитип берүүгө;
иш жүргүзүүнүн милдеттүү шарты катары чыгармачылык, билим берүү өндүрүштүк, техникалык, илимий жана маалыматтык базасын туруктуу өнүктүрүү болуп саналган кинематографияны маданият менен искусствонун бир тармагы деп таанууга;
тарыхый-маданий, көркөм баалуулукка ээ болгон улуттук фильмдер фондусунун сакталышын камсыз кылууга;
жарандардын киноискусствонун чыгармаларын түзүүдөгү жана пайдалануудагы укуктары менен эркиндиктерин жүзөгө ашырууга;
калктын кинематографиянын чыгармаларынан пайдаланууга мүмкүнчүлүк алышы үчүн шарттарды түзүүгө негизделет.
(КР 2015-жылдын 20-мартындагы № 66 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-1-статья. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам кинематографияны сактоо жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттин ишинин багыттарын аныктайт жана аны мамлекеттик колдоо тартибин белгилейт.

2-статья. Кинематографияны мамлекеттик колдоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Кинематографияны мамлекеттик колдоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден (мындан ары - эл аралык келишимдер) турат.

3-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Кинематография - маданият менен искусствонун бир тармагы, ага киночыгармаларын жаратууга жана пайдаланууга багытталган кесиптик, чыгармачыл, өндүрүштүк, илимий, техникалык, билим берүү иш-аракетинин жыйындысы кирет.
Фильм - чыгармачыл ойдун негизинде көркөм, хроникалдуу-документтик, илимий-популярдуу, окуу, анимациялык, телекөрсөтүү же башка формада жаралган, кино тасмага же башка көтөрүп жүрүүчү аппараттарга тартылган сүрөттөрдөн турган жана бири-бири менен ырааттуу түрдө байланышкан тематикалык бир бүтүн нерсеге бириктирилген кадрлар жана тиешелүү техникалык түзүлүштөрдүн жардамы менен кабылдана турган киноаудиовидео чыгарма. Узактыгы 50 мүнөттөн ашпаган фильм кыска метраждуу фильм болуп эсептелет.
Киносанжыра - мезгилдин, бир жердин, жагдайлардын мүнөздүү өзгөчөлүктөрүн (басымдуу түрдө - өткөндөрдү) чагылдырган жана келечекте фильм тартууга эсептелген документтик сюжеттерди үзбөй тартып алуу.
Фильмди жүгүртүү - фильмди ар кандай формада жана ар кандай жол менен жайылтуу.
Фильмди көрсөтүү - фильмди калкка көрсөтүү, ал кинозалда, эфирдик, кабелдик, спутниктик телекөрсөтүү жана башка техникалык ыкмалар менен жүзөгө ашырылат.
Фильмдин продюссери - фильмди каржылоого, тартууга жана жүгүртүүгө демилге көтөргөн жана жоопкерчилигин алган жеке же юридикалык жак.
Фильмдин авторлору - өзүнүн чыгармачыл эмгеги менен фильм жараткан жеке жактар: сценарийдин автору, койгон режиссерлор, койгон операторлор, койгон сүрөтчүлөр, башкы жана негизги ролдорду аткарган актерлор, кийимдер боюнча сүрөтчү-коюучулар, композитор, үн оператору жана башкалар.
Фильмди жүгүртүүчү - фильмди жүгүртүүгө укугу бар жана аны жүгүртүүнү жүзөгө ашырган жана уюштурган жеке же юридикалык жак.
Фильмди көрсөтүүчү - фильмди көрсөтүүнү жүзөгө ашырган жеке же юридикалык жак.
Кинозал - фильм көрсөтүлүүчү жай.
Видеосалон - видеомониторлор аркылуу фильм менен бирге көрсөтүлүүчү маданий кызматтардын комплекстүү жайы.
Кинематография уюму - уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан, булар ишинин негизги түрлөрү болгон уюм:
фильм, киносанжыра тартуу; фильмдин нускасын көбөйтүү, жүгүртүү, көрсөтүү жана калыбына келтирүү; кинозалды техникалык жактан тейлөө; киноматериалдар менен киножабдууларды даярдоо;
фильмдерди, кинобаяндарды тартуу боюнча жумуштарды аткаруу жана кызматтарды көрсөтүү (киножабдууларды жүгүртүү, павильондорду, кинокомплекстерди ижарага алуу, кийимдерди тигүү, декорацияларды куруу, грим, пастижер буюмдарын, реквизиттерди, ойноо техникаларын, атайын эффекттерди даярдоо, тасмаларды иштетүү, фильмди сүйлөтүү жана башкалар);
кинематография жаатындагы билим берүү, илимий, изилдөө, басып чыгаруу, жарнамалык-үгүт иштери;
фильмдерди жана фильмдердин баштапкы материалдарын сактоо; киносанжыраны жана киносанжыранын баштапкы материалдарын сактоо.
Кинодолбоор - чыгармачыл-өндүрүштүк иштеп чыгуулардын, эскиздердин жана башкы сметалардын документтеринин комплектиси, ушулардын негизинде улуттук фильмди тартууну мамлекеттик же бөлөк каржылоо жөнүндө чечим кабыл алынат.
Фильмдин баштапкы материалдары - фильмдин негативи, контратиби, контролдук көчүрмөсү, кайра жазып алуулардын, музыканын, репликалардын жана ызы-чуулардын магниттик жана санариптик фонограммаларынын түп нускасы, видеофонограмма - мастер, компакт-диск, катуу диск, сүрөт материалдар жана фильмди кандай болбосун материалдык формада нускалоо үчүн зарыл болгон башка материалдар.
Киносанжыранын баштапкы материалдары - негатив, видеофонограмма - мастер, музыканын, репликалардын жана ызы-чуулардын магниттик жана санариптик фонограммаларынын түп нускасы жана фильмди кандай болбосун материалдык формада чыгаруу жана нускалоо үчүн зарыл болгон башка материалдар.
Фильмдин нускасын көбөйтүү - фильмдин бир же бир нече көчүрмөсүн (нускасын) ар кандай материалдык формада даярдоо.
Кинопродукция - фильм, фильмдин баштапкы материалдары, киносанжыра, киносанжыранын баштапкы материалдары, фильмдин нускасы же фильмдин кускасынын бир бөлүгү, жарнамалык басылма продукция жана башкалар.
Киножабдуулары - фильмди, киносанжыраны тартууда, нускасын көбөйтүүдө, жүгүртүүдө, көрсөтүүдө, фильмди жана киносанжыраны тартуу боюнча жумуштарды аткарууда жана кыэматтарды көрсөтүүдө пайдаланылуучу жабдуулар, аппаратура, техникалык көмөкчү бөлүктөр жана алардын запастык тетиктери.
Киноматериалдар - фильмди жана киносанжыраны тартууда, нускасын көбөйтүүдө, калыбына келтирүүдө, жүгүртүүдө, көрсөтүүдө, фильмди жана киносанжыраны тартуу, киножабдууларды даярдоо боюнча жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө пайдаланылуучу чийки заттар, материалдар.
Кинематографиялык уюмдун администрациясы - жетекчи, жетекчинин орун басары, башкарманын мүчөлөрү, башкы редактор, продюссерлер, башкы инженер, башкы бухгалтер.
Кинематография уюмунун штаттык чыгармачыл курамы - кинематография уюму менен эмгек мамилелеринде болгон (эмгек жамаатынын мүчөлөрү жана аларга теңештирилген адамдар) чыгармачыл кесиптеги адамдар (фильмди койгон режиссер, койгон оператор, койгон сүрөтчү, сүрөтчү аниматор, кийимдер боюнча сүрөтчү, гримдөөчү сүрөтчү, үн режиссеру, монтаждоочу, фильмдин редактору, фильмдин музыкалык редактору, продюссери, фильмдин директору).
Кинематография уюмунун штаттык эмес чыгармачыл курамы - кинематография уюму менен эмгектик мамилелерде болбогон чыгармачыл кесиптеги адамдар (сценарийдин автору, композитор, башкы жана негизги ролдорду аткарган актерлор жана башкалар).
Кинематография уюмунун штаттык өндүрүштүк курамы - ушул Мыйзамга ылайык кинематография уюмунун штаттык чыгармачыл курамына же администрациясына кирген адамдардан башка кинематографиялык уюмдун эмгек жамаатынын мүчөлөрү жана ага теңештирилген адамдар.
(КР 2015-жылдын 20-мартындагы № 66 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-статья. Улуттук фильм
Фильм:
эгерде фильмдин продюссери - Кыргыз Республикасынын жараны же белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык жак болсо;
эгерде фильмдин авторлору - Кыргыз Республикасынын жарандары болсо;
эгерде фильмди тарткан топтун курамына (койгон режиссерлор, койгон операторлор, операторлор, композиторлор, үн операторлору, койгон сүрөтчүлөр, кийимдер боюнча сүрөтчүлөр, монтаждоочулар, башкы ролдорду аткарган актерлор) Кыргыз Республикасынын жараны болбогон 30 пайыздан кем эмес адамдар кирсе;
эгерде фильм мамлекеттик тилде же Кыргыз Республикасындагы элдердин биринин тилинде тартылса;
эгерде фильмди тартуу, нускасын көбөйтүү, жүгүртүү жана көрсөтүү боюнча сметалык баалардагы жумуштардын жалпы көлөмүнүн кеминде 50 пайызы белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында катталган кинематография уюму тарабынан жүзөгө ашырылса, улуттук болуп саналат.
Тиешелүү эл аралык келишимдеринин шарттары сакталганда, чет өлкөлүк кинематография уюму менен биргелешип тартылган фильм улуттук фильм катары каралышы мүмкүн.

5-статья. Кинематографияда чыгармачылыктын эркин болушу
Аудиовизуалдык чыгармаларды жараткан чыгармачыл кызматкерлер көркөм изденүүгө, өздөрүнүн кинематографиялык идеяларын жана ойлорун ар кандай түрдө чагылдырууга, фильмди ар кандай тилде тартууну жүзөгө ашырууга, чет өлкөлүк адамдар жана юридикалык жактар менен биргелешип кино тартууга катышууга, фильмдерди мамлекеттик тилде жана Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган башка элдердин тилдерине которуп сүйлөтүүгө укуктуу.
Аудиовизуалдык чыгармаларды цензурадан өткөрүүгө жол берилбейт.
6-статья. Чыгармачылык эркиндиктен кыянаттык менен пайдаланууга жол бербөө
Учурдагы конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө, мамлекеттин эгемендүүлүгүн жана аймактын бүтүндүгүн бузууга чакырган; согушка, зомбулукка жана ырайымсыздыкка үгүттөгөн; улуттук, этностук, расалык, социалдык, диний кастыкты тутандырууга багытталган; улуттук же тектик артыкчылык, сабырсыздык жөнүндө, ошондой эле порнографиялык мазмундагы сценаларды фильмге киргизүүгө жол берилбейт.
Аудиовизуалдык чыгармаларды порнографиялык жана чыгармачылык иштин натыйжаларынын тыюу салынган башка түрлөрүнүн категориясына киргизүү тартиби жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
(КР 2015-жылдын 20-мартындагы № 66 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
II глава Кинематографияны мамлекеттик колдоо чаралары
7-статья. Аткаруу бийлигинин кинематографияны мамлекеттик колдоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу республикалык органы
Кинематографияны мамлекеттик колдоону жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укук Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аткаруу бийлигинин кинематография жаатындагы республикалык органына жүктөлөт. Аткаруу бийлигинин кинематография жаатындагы республикалык органы жөнүндө Жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Аткаруу бийлигинин кинематография жаатындагы республикалык органынын ишинин негизги багыттары:
кинематография жаатындагы мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актыларынын долбоорун иштеп чыгуу;
мамлекеттик программалардын киноматографияны сактоого жана өнүктүрүүгө тиешеси бар бөлүгүн иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
республикалык бюджеттин кинематографияга кеткен чыгымдар жагын иштеп чыгууга катышуу;
кинематографиянын инфраструктурасын өнүктүрүүнү координациялоо;
Кыргыз Республикасынын аймагында фильмдерди жүгүртүүнү, көрсөтүүнү жөнгө салуу, фильмдин укуктуу ээлерин коргоо, көрөрмандар аудиториясынын курактык категориясын аныктоо максатында фильмдерди мамлекеттик каттоодон өткөрүү жана аларга жүгүртүү күбөлүгүн берүү;
улуттук фильм жөнүндө жобону иштеп чыгуу жана бекитүү;
улуттук фильмдин күбөлүгүн берүү;
кинематография жаатында билим берүүнү, кинематография илимин өнүктүрүүгө жана кинематографияда иштеген чыгармачыл, инженердик-техникалык жана башка кесиптеги адистерди даярдоого көмөк көрсөтүү;
кинематография жаатындагы мамлекеттик статистикалык отчеттуулук тутумун иштеп чыгуу, кинематография уюмдарынын реестрин жүргүзүү;
кинематография жаатында эл аралык байланыштарды өнүктүрүү, кинематографиянын эл аралык уюмдарында, комиссияларында өкүл болуу, кеңешмелерге, конференцияларга жана башка иш-чараларга катышуу болуп саналат.
8-статья. Кинематографияга мамлекеттик колдоо көрсөтүү
Кинематографияга мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн түрлөрү төмөндөгүлөр:
кинематография жаатында мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларын кабыл алуу;
мамлекеттик заказдарды жана киносанжыраны толук мамлекеттик каржылоо;
улуттук фильмдерди тартууну, нускасын көбөйтүүнү, жүгүртүүнү жана көрсөтүүнү жарым-жартылай мамлекеттик каржылоо;
кинематография уюмдарынын ишине жеңилдик берүү менен валюталык жана башка жөнгө салуу болуп саналат.
Кинематографияга мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн негизги чаралары:
улуттук фильмдерди, анын ичинде балдар жана өспүрүмдөр үчүн фильмдер менен улуттук дебют-фильмдерди түзүүгө;
кинематографиянын материалдык-техникалык базасын сактоого жана өнүктүрүүгө;
улуттук фильмдерди жүгүртүү жана көрсөтүү үчүн шарттарды түзүүгө;
билим берүү жана илимий-техникалык программаларды ишке ашырууга;
кинофестивалдарды жана башка маданий иш-чараларды өткөрүүгө;
эл аралык кинофестивалдарга жана башка маданий иш-чараларга катышууга багытталууга тийиш.
Кинематографиянын бардык уюмдары мамлекеттик колдоо алууга укуктуу.
III глава Кинематографияны мамлекеттик каржылоо
9-статья. Кинематографияны мамлекеттик каржылоонун шарттары жана тартиби
Кинематографияны жарым-жартылай мамлекеттик каржылоо кинематографияны мамлекеттик колдоонун түрлөрүнүн бири болуп саналат.
Мамлекеттик каржылоо аткаруу бийлигинин кинематография жаатындагы республикалык органы тарабынан республикалык бюджеттин тиешелүү финансылык жылга кинематография үчүн каралган чыгымдарынын чектеринде кинематография уюмуна, улуттук фильмдин продюссерине, жүгүртүүчүсүнө, көрсөтүүчүсүнө каражаттарды бөлүп берүү аркылуу жүзөгө ашырылат.
Кинематографияны мамлекеттик каржылоо тиешелүү финансылык жылга республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн кеминде 0,1 пайызы өлчөмүндө белгиленет.
Кинематографияны мамлекеттик каржылоонун шарттары жана тартиби аткаруу бийлигинин кинематография жаатындагы республикалык органы тарабынан аныкталат жана аткаруу бийлигинин кинематография жаатындагы республикалык органынын жана улуттук фильмдин продюссеринин, жүгүртүүчүсүнүн, көрсөтүүчүсүнүн ортосундагы тиешелүү келишимдер менен бекемделет.
Мамлекеттик каржы аткаруу бийлигинин кинематография жаатындагы республикалык органынын жана улуттук фильмдин продюссеринин, жүгүртүүчүсүнүн, көрсөтүүчүсүнүн ортосундагы келишимде каралгандан башка максаттарга пайдаланылышы мүмкүн эмес.
10-статья. Улуттук фильмди тартууну мамлекеттик каржылоо
Аткаруу бийлигинин кинематография жаатындагы республикалык органы кинематография уюмуна, продюссерге аткаруу бийлигинин кинематография жаатындагы республикалык органы тарабынан түзүлгөн жана чыгармачыл кесиптеги адамдардан, фильмдердин продюссерлеринен, жүгүртүүчүлөрдөн жана көрсөтүүчүлөрдөн турган эксперттик комиссиялардын пикирин эске алуу менен республикалык бюджеттин тиешелүү финансылык жылга кинематография үчүн каралган чыгашаларынын чектеринде улуттук фильмди тартуу үчүн каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө чечим кабыл алат.
Улуттук фильмди тартууну мамлекеттик каржылоо аны тартуунун сметалык наркынын 51 пайызынан кем эмес өлчөмдө камсыз кылынат.
Өзгөчө учурларда кинодолбоордун көркөмдүк жана маданий маанисин эске алуу менен, аткаруу бийлигинин кинематография жаатындагы республикалык органы мамлекеттик фильмди тартууну анын сметалык наркынын 100 пайызына чейинки өлчөмдө мамлекеттик каржылоо жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.

11-статья. Улуттук фильмди жүгүртүүнү мамлекеттик каржылоо
Аткаруу бийлигинин кинематография жаатындагы республикалык органы Кыргыз Республикасынын аймагында көрсөтүүгө арналган улуттук фильмди жүгүртүү үчүн эксперттик комиссиянын пикирин эске алуу менен фильмди жүгүртүүчүгө (көчүрмөлөрүн алуу, жарнама жана башкалар үчүн) республикалык бюджеттин тиешелүү финансылык жылга кинематография үчүн каралган чыгымдарынын чектеринде каражат бөлүп берүү жөнүндө чечим кабыл алат.
Улуттук фильмди жүгүртүүнү каржылоо аны жүгүртүүнүн сметалык наркынын 70 пайызынан ашпоого тийиш.
12-статья. Улуттук фильмдин эл аралык кинофестивалга катышуусун мамлекеттик каржылоо
Аткаруу бийлигинин кинематография жаатындагы республикалык органы улуттук фильмдин "А" категориясындагы эл аралык кинофестивалга катышуусун мамлекеттик каржылоону жүзөгө ашырат.
Улуттук фильмдин эл аралык кинофестивалга катышуусун мамлекеттик каржылоо, анын катышуусунун сметалык наркынын 100 пайызга чейинки өлчөмүндө каралат.
13-статья. Улуттук фильмдин жана киносанжыранын баштапкы материалдарын сактоо
Толук же жарым-жартылай мамлекеттик каржылоо алган (50 пайыздан кем эмес) улуттук фильмдердин баштапкы материалдары жана киносанжыранын баштапкы материалдары Кыргыз Республикасынын кинофильмдеринин Мамлекеттик фондусуна жана Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик кинофотофонодокументтер архивине сактоого берилет. Улуттук фильмдердин баштапкы материалдарын жана киносанжыранын баштапкы материалдарын сактоонун тартиби аткаруу бийлигинин кинематография жаатындагы республикалык органы тарабынан жана улуттук архивдик фонд чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.
Жарым-жартылай мамлекеттик каржылоо алган улуттук фильмдердин баштапкы материалдарын сактоонун тартиби аткаруу бийлигинин кинематография жаатындагы республикалык органынын жана ушул улуттук фильмдердин продюссеринин ортосунда түзүлгөн келишим менен аныкталат.
Кыргыз Республикасынын кинофильмдеринин мамлекеттик фондусу жана Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик кинофотофонодокументтер архиви улуттук фильмдердин, ошондой эле киносанжыранын баштапкы материалдарын сактоодо автордук жана эриш-аркак укуктардын сакталышын камсыз кылат.
Кыргыз Республикасынын кинофильмдеринин мамлекеттик фондусу жана Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик кинофотофонодокументтер архиви улуттук фильмдин баштапкы материалдарынан жана киносанжыранын баштапкы материалдарынан кеңири пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылышат.
(КР 2009-жылдын 19-майындагы № 164, 2015-жылдын 20-мартындагы № 66 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
IV глава Корутунду жоболор
14-статья. Кинематография уюмдарын менчиктештирүүнүн милдеттүү шарты
Кинематография уюмдарын менчиктештирүүнүн милдеттүү шарттары:
кинематографиянын менчиктештирилүүчү уюмунун негизги түрү катары кинематографиялык ишти сактап калуу;
кинематография уюмунун жамаатына кинематография уюмун менчиктештирүүгө артыкчылык укугун берүү болуп эсептелет.
15-статья. Кинематография уюмдарын менчиктештирүүнү чектөө
Киносанжыраны тартууга, балдар жана өспүрүмдөр үчүн фильмдерди тартууга жана көрсөтүүгө адистешкен кинематография уюмдары менчиктештирилбейт.
Улуттук фильмдердин баштапкы материалдары, киносанжыранын баштапкы материалдары сакталып турган кинематография уюмдары менчиктештирилбейт.
Аталган калктуу конушта фильмдерди көрсөткөн жана бирден-бир кинематография уюму болуп эсептелген кинематография уюму менчиктештирилбейт жана бөтөн жеке жана юридикалык жактарга берилбейт.
Тарыхый, маданий жана искусство эстеликтеринин категориясына таандык кылынган кинематография уюмдары, ошондой эле жалпы элдин энчиси болуп эсептелген Бишкек шаарындагы борбордук кинотеатрлар менчиктештирилбейт.
Кинематографияны өнүктүрүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашырууда ушул статьяда көрсөтүлгөн чектөөлөр жайылтылбайт.
(КР 2013-жылдын 15-ноябрындагы № 201 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
10-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
Ушул Мыйзам расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Акаев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2001-жылдын 2-октябры № 86
Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө
(КР 2009-жылдын 19-майындагы № 164, 2013-жылдын 15-ноябрындагы № 201, 2015-жылдын 20-мартындагы № 66 2018-жылдын 21-февралындагы N 25 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын кинематографиясы (мындан ары - кинематография) маданият менен искусствонун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет, ал мамлекеттин колдоосу астында сакталууга жана өнүгүүгө тийиш.
Ушул Мыйэам кинематографияны сактоо жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик иштин негизги багыттарын аныктайт жана аны мамлекеттик колдоо тартибин белгилейт.
I глава Жалпы жоболор
1-статья. Кинематография жаатындагы мамлекеттик саясаттын принциптери
Кинематография жаатындагы мамлекеттик саясат төмөндөгү принциптерге:
Кыргыз Республикасынын маданиятынын жана искусствосунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган Кыргыз Республикасынын кинематографиясын (мындан ары - кинематография) сактап калууга жана өнүктүрүүгө мамлекет тарабынан кепилдиктердин камсыз кылынышы;
кино-видеофильмдерди тартууну, жүгүртүүнү жана көргөзүүнү камтыган бирдиктүү тутум катары кинематографияны сактоо жана өнүктүрүү үчүн мамлекеттин жоопкерчилигине;
Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан, анын ичинде коммуналдык (муниципалдык) менчикке өткөрүлүп берилген кино-видеофильмдерди чыгарган, кино-видеофильмдерди жүгүрткөн, кино-видеофильмдерди көргөзгөн мамлекеттик бардык ишканалар менен уюмдарды аткаруу бийлигинин кинематография жаатындага республикалык органына бекитип берүүгө;
иш жүргүзүүнүн милдеттүү шарты катары чыгармачылык, билим берүү өндүрүштүк, техникалык, илимий жана маалыматтык базасын туруктуу өнүктүрүү болуп саналган кинематографияны маданият менен искусствонун бир тармагы деп таанууга;
тарыхый-маданий, көркөм баалуулукка ээ болгон улуттук фильмдер фондусунун сакталышын камсыз кылууга;
жарандардын киноискусствонун чыгармаларын түзүүдөгү жана пайдалануудагы укуктары менен эркиндиктерин жүзөгө ашырууга;
калктын кинематографиянын чыгармаларынан пайдаланууга мүмкүнчүлүк алышы үчүн шарттарды түзүүгө негизделет.
(КР 2015-жылдын 20-мартындагы № 66 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-1-статья. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам кинематографияны сактоо жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттин ишинин багыттарын аныктайт жана аны мамлекеттик колдоо тартибин белгилейт.
(КР 2015-жылдын 20-мартындагы № 66 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-статья. Кинематографияны мамлекеттик колдоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Кинематографияны мамлекеттик колдоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден (мындан ары - эл аралык келишимдер) турат.
(КР 2015-жылдын 20-мартындагы № 66 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Кинематография - маданият менен искусствонун бир тармагы, ага киночыгармаларын жаратууга жана пайдаланууга багытталган кесиптик, чыгармачыл, өндүрүштүк, илимий, техникалык, билим берүү иш-аракетинин жыйындысы кирет.
Фильм - чыгармачыл ойдун негизинде көркөм, хроникалдуу-документтик, илимий-популярдуу, окуу, анимациялык, телекөрсөтүү же башка формада жаралган, кино тасмага же башка көтөрүп жүрүүчү аппараттарга тартылган сүрөттөрдөн турган жана бири-бири менен ырааттуу түрдө байланышкан тематикалык бир бүтүн нерсеге бириктирилген кадрлар жана тиешелүү техникалык түзүлүштөрдүн жардамы менен кабылдана турган киноаудиовидео чыгарма. Узактыгы 50 мүнөттөн ашпаган фильм кыска метраждуу фильм болуп эсептелет.
Киносанжыра - мезгилдин, бир жердин, жагдайлардын мүнөздүү өзгөчөлүктөрүн (басымдуу түрдө - өткөндөрдү) чагылдырган жана келечекте фильм тартууга эсептелген документтик сюжеттерди үзбөй тартып алуу.
Фильмди жүгүртүү - фильмди ар кандай формада жана ар кандай жол менен жайылтуу.
Фильмди көрсөтүү - фильмди калкка көрсөтүү, ал кинозалда, эфирдик, кабелдик, спутниктик телекөрсөтүү жана башка техникалык ыкмалар менен жүзөгө ашырылат.
Фильмдин продюсери - республикалык бюджеттен каржыланган кино чыгаруучу уюмдарда мамлекеттик кызматтарды ээлеген адамдардан тышкары, фильмди каржылоо, тартуу жана жүгүртүү демилгесин жана жоопкерчилигин өзүнө алган жеке же юридикалык жак.
Фильмдин авторлору - өзүнүн чыгармачыл эмгеги менен фильм жараткан жеке жактар: сценарийдин автору, койгон режиссерлор, койгон операторлор, койгон сүрөтчүлөр, башкы жана негизги ролдорду аткарган актерлор, кийимдер боюнча сүрөтчү-коюучулар, композитор, үн оператору жана башкалар.
Фильмди жүгүртүүчү - фильмди жүгүртүүгө укугу бар жана аны жүгүртүүнү жүзөгө ашырган жана уюштурган жеке же юридикалык жак.
Фильмди көрсөтүүчү - фильмди көрсөтүүнү жүзөгө ашырган жеке же юридикалык жак.
Кинозал - фильм көрсөтүлүүчү жай.
Видеосалон - видеомониторлор аркылуу фильм менен бирге көрсөтүлүүчү маданий кызматтардын комплекстүү жайы.
Кинематография уюму - уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан, булар ишинин негизги түрлөрү болгон уюм:
фильм, киносанжыра тартуу; фильмдин нускасын көбөйтүү, жүгүртүү, көрсөтүү жана калыбына келтирүү; кинозалды техникалык жактан тейлөө; киноматериалдар менен киножабдууларды даярдоо;
фильмдерди, кинобаяндарды тартуу боюнча жумуштарды аткаруу жана кызматтарды көрсөтүү (киножабдууларды жүгүртүү, павильондорду, кинокомплекстерди ижарага алуу, кийимдерди тигүү, декорацияларды куруу, грим, пастижер буюмдарын, реквизиттерди, ойноо техникаларын, атайын эффекттерди даярдоо, тасмаларды иштетүү, фильмди сүйлөтүү жана башкалар);
кинематография жаатындагы билим берүү, илимий, изилдөө, басып чыгаруу, жарнамалык-үгүт иштери;
фильмдерди жана фильмдердин баштапкы материалдарын сактоо; киносанжыраны жана киносанжыранын баштапкы материалдарын сактоо.
Кинодолбоор - чыгармачыл-өндүрүштүк иштеп чыгуулардын, эскиздердин жана башкы сметалардын документтеринин комплектиси, ушулардын негизинде улуттук фильмди тартууну мамлекеттик же бөлөк каржылоо жөнүндө чечим кабыл алынат.
Фильмдин баштапкы материалдары - фильмдин негативи, контратиби, контролдук көчүрмөсү, кайра жазып алуулардын, музыканын, репликалардын жана ызы-чуулардын магниттик жана санариптик фонограммаларынын түп нускасы, видеофонограмма - мастер, компакт-диск, катуу диск, сүрөт материалдар жана фильмди кандай болбосун материалдык формада нускалоо үчүн зарыл болгон башка материалдар.
Киносанжыранын баштапкы материалдары - негатив, видеофонограмма - мастер, музыканын, репликалардын жана ызы-чуулардын магниттик жана санариптик фонограммаларынын түп нускасы жана фильмди кандай болбосун материалдык формада чыгаруу жана нускалоо үчүн зарыл болгон башка материалдар.
Фильмдин нускасын көбөйтүү - фильмдин бир же бир нече көчүрмөсүн (нускасын) ар кандай материалдык формада даярдоо.
Кинопродукция - фильм, фильмдин баштапкы материалдары, киносанжыра, киносанжыранын баштапкы материалдары, фильмдин нускасы же фильмдин кускасынын бир бөлүгү, жарнамалык басылма продукция жана башкалар.
Киножабдуулары - фильмди, киносанжыраны тартууда, нускасын көбөйтүүдө, жүгүртүүдө, көрсөтүүдө, фильмди жана киносанжыраны тартуу боюнча жумуштарды аткарууда жана кыэматтарды көрсөтүүдө пайдаланылуучу жабдуулар, аппаратура, техникалык көмөкчү бөлүктөр жана алардын запастык тетиктери.
Киноматериалдар - фильмди жана киносанжыраны тартууда, нускасын көбөйтүүдө, калыбына келтирүүдө, жүгүртүүдө, көрсөтүүдө, фильмди жана киносанжыраны тартуу, киножабдууларды даярдоо боюнча жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө пайдаланылуучу чийки заттар, материалдар.
Кинематографиялык уюмдун администрациясы - жетекчи, жетекчинин орун басары, башкарманын мүчөлөрү, башкы редактор, продюссерлер, башкы инженер, башкы бухгалтер.
Кинематография уюмунун штаттык чыгармачыл курамы - кинематография уюму менен эмгек мамилелеринде болгон (эмгек жамаатынын мүчөлөрү жана аларга теңештирилген адамдар) чыгармачыл кесиптеги адамдар (фильмди койгон режиссер, койгон оператор, койгон сүрөтчү, сүрөтчү аниматор, кийимдер боюнча сүрөтчү, гримдөөчү сүрөтчү, үн режиссеру, монтаждоочу, фильмдин редактору, фильмдин музыкалык редактору, продюссери, фильмдин директору).
Кинематография уюмунун штаттык эмес чыгармачыл курамы - кинематография уюму менен эмгектик мамилелерде болбогон чыгармачыл кесиптеги адамдар (сценарийдин автору, композитор, башкы жана негизги ролдорду аткарган актерлор жана башкалар).
Кинематография уюмунун штаттык өндүрүштүк курамы - ушул Мыйзамга ылайык кинематография уюмунун штаттык чыгармачыл курамына же администрациясына кирген адамдардан башка кинематографиялык уюмдун эмгек жамаатынын мүчөлөрү жана ага теңештирилген адамдар.
(КР 2015-жылдын 20-мартындагы № 66, 2018-жылдын 21-февралындагы N 25 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
4-статья. Улуттук фильм
Фильм:
эгерде фильмдин продюссери - Кыргыз Республикасынын жараны же белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык жак болсо;
эгерде фильмдин авторлору - Кыргыз Республикасынын жарандары болсо;
эгерде фильмди тарткан топтун курамына (койгон режиссерлор, койгон операторлор, операторлор, композиторлор, үн операторлору, койгон сүрөтчүлөр, кийимдер боюнча сүрөтчүлөр, монтаждоочулар, башкы ролдорду аткарган актерлор) Кыргыз Республикасынын жараны болбогон 30 пайыздан кем эмес адамдар кирсе;
эгерде фильм мамлекеттик тилде же Кыргыз Республикасындагы элдердин биринин тилинде тартылса;
эгерде фильмди тартуу, нускасын көбөйтүү, жүгүртүү жана көрсөтүү боюнча сметалык баалардагы жумуштардын жалпы көлөмүнүн кеминде 50 пайызы белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында катталган кинематография уюму тарабынан жүзөгө ашырылса, улуттук болуп саналат.
Тиешелүү эл аралык келишимдеринин шарттары сакталганда, чет өлкөлүк кинематография уюму менен биргелешип тартылган фильм улуттук фильм катары каралышы мүмкүн.
(КР 2015-жылдын 20-мартындагы № 66 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-статья. Кинематографияда чыгармачылыктын эркин болушу
Аудиовизуалдык чыгармаларды жараткан чыгармачыл кызматкерлер көркөм изденүүгө, өздөрүнүн кинематографиялык идеяларын жана ойлорун ар кандай түрдө чагылдырууга, фильмди ар кандай тилде тартууну жүзөгө ашырууга, чет өлкөлүк адамдар жана юридикалык жактар менен биргелешип кино тартууга катышууга, фильмдерди мамлекеттик тилде жана Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган башка элдердин тилдерине которуп сүйлөтүүгө укуктуу.
Аудиовизуалдык чыгармаларды цензурадан өткөрүүгө, ушул Мыйзамдын 6-статьясында каралган учурларды кошпогондо жол берилбейт.
(КР 2018-жылдын 21-февралындагы N 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-статья. Чыгармачылык эркиндиктен кыянаттык менен пайдаланууга жол бербөө
Фильмдин концепциясы учурдагы конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө, мамлекеттин эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн бузууга чакырууга; согушка, зомбулукка жана ырайымсыздыкка; улуттук, этностук, расалык, социалдык, диний кастыкты тутандырууга; улуттук же тектик артыкчылыкты, сабырсыздыкты үгүттөөгө тийиш эмес. Фильмге порнографиялык мазмундагы сценаларды киргизүүгө жол берилбейт.