КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 2-февралы №52
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 829 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 10-ноябрындагы № 496 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы жөнүндө" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 8-июлундагы № 296 "Кыргыз Республикасынын жогорку жана атайын окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүн бөлүштүрүү жана пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку жана атайын окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүн бөлүштүрүү жана пайдалануу жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 13-пунктунун биринчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы" деген сөздөр алып салынсын;
- 23-пунктунун үчүнчү абзацындагы "Улуттук гвардия" деген сөздөр "Мамлекеттик күзөт кызматы" деген сөздөргө тийиштүү жөндөмөдө алмаштырылсын;
- 26-пунктундагы "Улуттук гвардия" деген сөздөр "Мамлекеттик күзөт кызматы" деген сөздөргө тийиштүү жөндөмөдө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 4-майындагы № 279 "Кыргыз Республикасынын Аскердик прокуратурасы жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Аскердик прокуратурасы жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 6-статьянын биринчи абзацындагы "Улуттук гвардиянын" деген сөздөр алып салынсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 13-июлундагы № 486 "Аскердик кызматтан качуу менен күрөшүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 8-пункттагы "Улуттук гвардиянын командованиесине" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматына" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 829 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 350 "Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестри жөнүндө Жобону жана Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин тизмесин бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин тизмесине төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
- 51-пункту күчүн жоготту деп эсептелсин;
- 55-пунктундагы "Документтердин тизмеси" деген графа төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:
"Ким экендиги жөнүндө күбөлүк".
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 8-августундагы № 540 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик техникасына жана куралдануунун кыймылдуу каражаттарына аскердик номер белгилерин, таанылма эскертүүчү белгилерин, жазууларды жана белгилөөлөрдү колдонуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик техникасына жана куралдануунун кыймылдуу каражаттарына аскердик номер белгилерин, таанылма эскертүүчү белгилерин, жазууларды жана белгилөөлөрдү колдонуунун тартиби жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-бөлүмдүн биринчи абзацындагы "Улуттук гвардиясынын" деген сөздөр "Мамлекеттик күзөт кызматынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-октябрындагы № 756 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарында согуштук атуучу кол куралдарды, алардын ок-дарыларын, ошондой эле дүрмөтсүз куралды жүгүртүүнүн эрежесин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарында согуштук атуучу кол куралдарды, алардын ок-дарыларын, ошондой эле дүрмөтсүз куралды жүгүртүүнүн эрежесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункттун экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын" деген сөздөр алып салынсын.
Премьер-министри | Д.Үсөнов |