Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 2-февралы №57
Аз камсыз үй-бүлөлөрдүн зээндүү балдары үчүн Шабданбек Жумагулов атындагы "Манас" интернат-лицейи жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 306 токтомунун редакциясына ылайык)
Аз камсыз үй-бүлөлөрдүн зээндүү балдары үчүн Таласта иштеп жаткан Шабданбек Жумагулов атындагы "Манас" интернат-лицейинин иштеши үчүн тийиштүү шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аз камсыз үй-бүлөлөрдүн зээндүү балдары үчүн Таласта иштеп жаткан "Манас" интернат-лицейинин жана Талас облусунун Талас районундагы Өмүралиев айыл округунун Манас айылында жайгашкан Шабданбек Жумагулов атындагы орто мектептин базасында Аз камсыз үй-бүлөлөрдүн зээндүү балдары үчүн Шабданбек Жумагулов атындагы Манас интернат-лицейи түзүлсүн.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 306 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 306 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 11-ноябрындагы № 531 "Объекттерди Кыргыз Республикасынын жергиликтүү коомдорунун коммуналдык менчигине өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталган токтомдун "Талас облусу боюнча жергиликтүү жамааттардын - айыл өкмөттөрдүн коммуналдык менчигине өткөрүлгөн объекттердин тизмеси" деген 5-тиркемесинин "Чоң-Алыш айыл өкмөтү" деген бөлүмүндөгү "Чоң-Алыш" деген сөздөр "Өмүралиев" деген сөзгө алмаштырылсын;
- "Өмүралиев айыл өкмөтү" деген бөлүмүндөгү "Мектептер" деген позиция төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
Мектептер | 2 | 1548,6 |
|
".
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 306 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Аз камсыз үй-бүлөлөрдүн зээндүү балдары үчүн Шабданбек Жумагулов атындагы Манас интернат-лицейи республикалык бюджеттен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги аркылуу каржылансын.
7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдон келип чыккан маселелерди Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен бирдикте, республикалык бюджетте Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине каралган ассигнованиелердин чегинде чечсин.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-июлундагы № 370-б буйругу күчүн жоготту деп эсептелсин.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министри | Д.Үсөнов |