Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 2-февралы №59
Айылды суу менен камсыздоо системаларын ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелеринин балансынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө
"Ичүүчү суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Балансында айылды суу менен камсыздоо объектилери бар ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелерине аларды белгиленген тартипте өз балансынан айылдык округдардын айыл өкмөттөрүнө жана поселоктордун поселоктук өкмөттөрүнүн балансына акысыз өткөрүп берүү сунушталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттиги (макулдашуу боюнча):
- кабыл алынчу айылды суу менен камсыздоо системаларына менчик укугун бекитип берүүнүн тартибин үч айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана бекитсин;
- Айыл өкмөттүн, поселоктук өкмөттүн жана ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелеринин ортосунда өз ара кызматташуу жөнүндө типтүү келишимди иштеп чыгып, бекитсин жана аны жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жеткирсин.
3. Айылды суу менен камсыздоо системалары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын менчигине өткөрүп берилген учурдан баштап жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аларды ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелеринин башкаруусуна өткөрүп берери белгиленсин.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (айыл өкмөтү, поселоктук өкмөттөр) жыл сайын жергиликтүү бюджетти түзүүдө ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелеринин башкаруусуна өткөрүп берилген айылды суу менен камсыздоо системаларын жыл сайын оңдоо үчүн финансылык каражат карашсын.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 28-декабрындагы № 828 "Айылдардагы (райондук борборлордон башка) ичүүчү суу менен жабдуу системаларын ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелеринин менчигине өткөрүп берүү жана аларды андан ары пайдалануу жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылды 17-августундагы № 622 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө токтомунун 40-пункту.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |