Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 27-сентябрындагы N 656 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 2-февралы № 60
Мамлекеттик органдардын ишин камсыздоонун айрым маселелери жөнүндө
Ишти уюштуруу чөйрөсүндө прогрессивдүү мамилелерди киргизүүнүн жана мамлекеттик финансыны натыйжалуу башкаруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 13-декабрындагы № 548 КПҮ "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын эмгек акысын төлөөнүн шарттары жөнүндө" Жарлыгына ылайык мамлекеттик кызматчыларга минималдык базалык ставканы бекитилген эмгек акы төлөө фондунун чегинде эселеп көбөйтүүнүн коэффициентинин өлчөмүн өз алдынча белгилөө боюнча Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин сынамык долбоору оң натыйжа берди деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 731-б буйругу менен түзүлгөн Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акы төлөө системасын реформалоо жана эмгек акы жагындагы нормативдик укуктук базаны өркүндөтүү боюнча ведомстволор аралык комиссия 2010-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 13-декабрындагы № 548 КПҮ "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын долбоорун анда министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине республикалык бюджетте бекитилген эмгек акы төлөө фондунун чегинде пайдаланылбаган эмгек акы төлөө фондун кызматкерлерди сыйлоого, иштин сапатына шыктандырууга, мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ишине кошкон өзгөчө салымы үчүн сыйлоого өз алдынча бөлүштүрүү укугун берүүнү караштыруу менен иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Эмгек ишке орноштуруу жана миграция министрлигине тапшырылсын.
Премьер-министри | Д. Үсөнов |