Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 2-февралы №62
Энергия булактарына болгон тарифтердин өзгөрүшүнө байланыштуу республикалык бюджеттин каражаттарынан Бишкек жана Ош шаарлары үчүн компенсация бөлүп берүү жөнүндө
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү социалдык колдоо максатында энергия булактарына болгон тарифтердин өзгөрүшүнө байланыштуу Бишкек жана Ош шаарларынын аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнө турак жай субсидияларын төлөө үчүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2010-жылы республикалык бюджеттен аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө турак жай субсидияларын төлөөгө 348,8 млн. сом (үч жүз кырк сегиз миллион сегиз жүз миң), анын ичинде:
- Бишкек шаарына 311,0 млн. сом ( үч жүз он бир миллион ) суммасында;
- Ош шаарына 37,8 млн. сом (отуз жети миллион сегиз жүз миң) суммасында каражат бөлсүн.
2. Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары жогоруда көрсөтүлгөн каражаттарды максатка гана ылайык багыттасын.
3. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министри | Д.Үсөнов |