Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 2-февралы №63
"Бишкек шаарында 2009-жылдын 30-декабрында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа Коомчулугунун ортосундагы "Айыл инфраструктурасын өнүктүрүү жана социалдык реинтеграция (Кыргыз Республикасынын Фергана өрөөнү) (DCI-ASIE/2009/020-592)" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Бишкек шаарында 2009-жылдын 30-декабрында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа Коомчулугунун ортосундагы "Айыл инфраструктурасын өнүктүрүү жана социалдык реинтеграция (Кыргыз Республикасынын Фергана өрөөнү) (DCI-ASIE/2009/020-592)" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен мыйзам долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
3. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Бишкек шаарында 2009-жылдын 30-декабрында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа Коомчулугунун ортосундагы "Айыл инфраструктурасын өнүктүрүү жана социалдык реинтеграция (Кыргыз Республикасынын Фергана өрөөнү) (DCI-ASIE/2009/020-592)" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Бишкек шаарында 2009-жылдын 30-декабрында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа Коомчулугунун ортосундагы "Айыл инфраструктурасын өнүктүрүү жана социалдык реинтеграция (Кыргыз Республикасынын Фергана өрөөнү) (DCI-ASIE/2009/020-592)" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Европа Коомчулугунун Комиссиясына жогоруда айтылган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболор аткаргандыгы жөнүндө билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам күчүнө кол коюлган күндөн тартып кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|