Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2010-жылдын 5-февралы №65

Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин алдындагы Мамлекеттик  эмгек инспекциясынын жергиликтүү жана республикалык бюджеттен каржылануучу аймактык бөлүмдөрүн Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги аркылуу каржылоого өтүү жөнүндө

Мамлекеттик финансылык каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга жетишүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин алдындагы Мамлекеттик эмгек инспекциясынын жергиликтүү жана республикалык бюджеттен каржылануучу аймактык бөлүмдөрү Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги аркылуу каржылоого 2010-жылдын 1-январынан тартып өтсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги ушул токтомдун 1-пунктун жүзөгө ашыруу боюнча чараларды көрүшсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин

милдетин аткаруучу

 

А.Жапаров