Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 5-февралы № 68
"Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Кыргыз Республикасынын расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу |
А.Жапаров |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"
1-берене.
"Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., N 4, 193-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1-беренеде:
- экинчи абзацтын 3-бөлүгү алып салынсын;
- 7-бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын Мамкаттоосу тарабынан белгиленген жол-жоболорго ылайык" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жол-жобого ылайык" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 14-1-бөлүктөгү экинчи жана үчүнчү сүйлөм алып салынсын;
- 20-бөлүктөгү экинчи сүйлөм алып салынсын;
- 21-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"21. Мамлекеттик каттоо органы - кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндө ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган, ал белгиленген компетенциясына ылайык кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырат.".
2. 4-берененин он экинчи пунктундагы "мыйзам актыларына" деген сөздөр "нормативдик укуктук актыларына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3. 6-берененин төртүнчү пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 265-статьясында" деген сөздөр "жарандык мыйзамдар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4. 7-берененин 3-бөлүгүндөгү "мыйзам актыларында" деген сөздөр "нормативдик укуктук актыларында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5. Төмөнкүдөй мазмундагы 7-1-берене менен толукталсын:
"7-1-берене. Кыймылсыз мүлктү мамлекеттик каттоо жүргүзүлгөн жер
1. Кыймылсыз мүлк укугу жана аны менен жасалган бүтүмдөр кыймылсыз мүлк жайгашкан жердеги жергиликтүү каттоо органында мамлекеттик каттоого алынууга тийиш. Кыймылсыз мүлктү башка каттоо зонасында каттоого жасалган ар кандай аракет юридикалык жараксыз деп эсептелинет.
2. Ар бир жергиликтүү каттоо органы кыймылсыз мүлк объекттери жана субъекттери боюнча информациялык маалыматтар базасын түзөт, ал кийин кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды мамлекеттик каттоо боюнча республикалык маалыматтык системага киргизилет."
6. 8-12-берененин 2-главасы күчүн жоготту деп табылсын;
7. 13-берененин 3-бөлүгүндөгү, 15-берененин 3-бөлүгүндөгү, 16-берененин 2-бөлүгүндөгү, 17-берененин 2-бөлүгүндөгү, 17-1-берененин 2-бөлүгүндөгү, 19-берененин 1-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Мамкаттоосу" деген сөздөр "кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8. 18-берененин 8-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларында" деген сөздөр "башка нормативдик укуктук актыларында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9. 35-берененин 2-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларына" деген сөздөр "башка нормативдик укуктук актыларына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10. 36-берененин 1-бөлүгүндөгү "сөзсүз түрдө Кыргыз Республикасынын Мамкаттоосунун алдында" деген сөздөр "кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын алдында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
11. 37-беренедеги "Кыргыз Республикасынын Мамкаттоосу кепилдик фондуна келтирилген" деген сөздөр "кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
12. 48-берененин 1-бөлүгүндөгү "укуктарды мамлекеттик каттоо боюнча бейтарап арбитраждык" деген сөздөр "кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын, бейтарап сот" деген сөздөргө алмаштырылсын;
13. 49-беренедеги "үч күндүк мөөнөттө" деген сөздөр "жети күндүк мөөнөттө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
14. 53-беренеде:
- биринчи абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Мамкаттоосунун" деген сөздөр "кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жетинчи абзацтагы "мыйзамдык жана ченемдик актылар" деген сөздөр "нормативдик укуктук актылар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
15. 55-беренеде:
- 1-бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын Мамкаттоосу" деген сөздөр "Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын Мамкаттоосу тарабынан бекитиле турган планга жана тартипке" деген сөздөр "планга, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн бул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|