Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 223 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 8-февралы №80
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | Д.Үсөнов |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 2004-ж., № 11, 510-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 1-берененин 1-бөлүгүнө "пенсия менен камсыз кылуу тутумунун" деген сөздөрдөн кийин жана "аткаруучу органы болуп саналат" деген сөздөргө чейин "мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо жаатындагы башкарууну жана мамлекеттик саясатты жүргүзгөн" деген сөздөр менен толукталсын.
3. 2-берененин 2-бөлүгүнө:
- экинчи абзац алып салынсын;
- үчүнчү абзацтагы "жыйноону" деген сөз алып салынсын;
- алтынчы абзац "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу орган аркылуу Эмгекчилердин ден-соолугун чыңдоо фондунун" деген сөздөр менен толукталсын;
- сегизинчи абзацта "камсыздандыруу төгүмдөрүнүн Социалдык фондго өз убагында жана толук түшүп турушун, ошондой эле" деген сөздөр алып салынсын;
- тогузунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик фискалдык жана тарифтик саясаттын негизги багыттарын түзүү, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу анын топтоо бөлүгүн камтыган тартибин аныктаган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууну жана аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүүнү;".
3. 3-беренеде:
1-бөлүктүн 4-абзацындагы "камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө жана" деген сөздөр алынып салынсын;
бешинчи, жетинчи, онунчу, он жетинчи абзацтар күчүн жоготту деп табылсын;
- тогузунчу абзацтагы "милдеттүү камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн четтеген жана" деген сөздөр алып салынсын.
- экинчи бөлүктөгү экинчи, үчүнчү, он үчүнчү, он төртүнчү абзацтар күчүн жоготту деп табылсын.
4. 5-берененин 6-бөлүгүндөгү "Саламаттыкты сактоо министрлигинин" деген сөздөр "Өкмөтүнө караштуу милдетүү медициналык камсыздандыруу фондунун" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 7, ст.85) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
4. 2-беренеде:
- төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Камсыздоочунун агенти - Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноону, төлөөнү контролдоо милдеттерин жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;".
- сегизинчи абзацтагы "камсыздандырылган адам" деген сөздөрдөн кийин "жана камсыздандыруу агенти" деген сөздөр менен толукталсын.
5. 8-берене төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"8 берене. Камсыздоочунун укуктары жана милдеттери
1. Камсыздоочу төмөнкүлөргө укуктуу:
Камсыздандыруучулардын (иш режими өзгөчө болгон ишканаларды, мекемелерди, уюмдарды, ички иштер, прокуратура жана коргоо органдарын, сотторду, банктарды кошкондо) пенсияларын жана пособиелерин дайындоого жана төлөөгө байланыштуу эсептерин, акчалай жана бухгалтердик документтерин, кирешелер жөнүндө декларацияларын жана башка документтерин текшерүүгө;
камсыздандыруучудан пенсияларды, пособиелерди төлөөгө жана ден-соолукту чыңдоону уюштурууга мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттарын туура чыгымдоо боюнча колдонуудагы мыйзамдардын белгилүү болгон укук бузууларын четтетүүнү талап кылууга;
жеке топтолуучу пенсиялык камсыздоо системасын уюштурууга;
Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фондун уюштурууга жана башкарууга;
пенсиялык активдерди ишенимдик башкарууга башкаруучу компанияларга которууга;
жарандардын камсыздандыруу эсебинин топтолуучу бөлүгү боюнча инвестициялык кирешелерди бөлүштүрүүгө жана пенсиянын топтолуучу бөлүгүн төлөп берүүгө.
2. Камсыздоочу төмөнкүлөргө милдеттүү:
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, камсыздандырылган адамдардын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсия, пособие жана компенсация менен камсыз кылуу жагындагы мыйзам тарабынан корголуучу укуктарын сактоого;
мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасынын финансылык туруктуулугун камсыз кылуучу чараларды жүзөгө ашырууга;
камсыздандырылган адамдарга пенсияларды жана пособиелерди туура жана өз убагында эсептөөнү жана төлөп берүүнү камсыз кылууга;
мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча төлөмдөрдүн эсептелиши жана келип түшүшү жөнүндө отчетторду жогору турган органдарга өз убагында бекитүүгө берүүгө милдеттүү;
пенсиялык топтоо каражатын түзүү жана инвестициялоо чөйрөсүндө жөнгө салуу, контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга пенсиялык топтоолорду башкаруу жөнүндө тиешелүү отчетту өз убагында тапшырууга;
башкаруучу компанияларга же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте пенсиялык топтоолорду башкарууга укугу бар жана топтолуучу пенсиялык каражаттарды инвестициялоо менен алектенген жеке пенсиялык фонддорго жана башка түзүмдөргө башкаруу үчүн камсыздандырылган адамдын арызы боюнча камсыздандырылган адамдын пенсиялык активдерин жиберүүгө.".
3. Төмөнкү мазмундагы 8-1-берене менен толукталсын:
"8-1-берене. Камсыздоочунун агентинин укуктары жана милдеттери
1. Камсыздоочунун агенти төмөнкүлөргө укуктуу:
колдонуудагы мыйзам жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык камсыздандыруучуга карата айыптык санкцияларды колдонууга;
камсыздандыруучулардын (иш режими өзгөчө болгон ишканаларды, мекемелерди, уюмдарды, ички иштер, прокуратура жана коргоо органдарын, сотторду, банктарды кошкондо) камсыздандыруу салымдарын эсептөөгө жана төлөөгө байланыштуу эсептерин, акчалай жана бухгалтердик документтерин, кирешелер жөнүндө декларацияларын жана башка документтерин текшерүүгө, операциялар жана эсептердеги, кассалардагы акчалай каражаттардын болушу жөнүндө жана текшерүүдө келип чыккан башка маселелер боюнча зарыл болгон справкаларды жана маалыматтарды алууга;
ишканалардын жана граждандардын (күркөлөрдү, чатырларды, көчөлөрдөгү автотранспорт токтоочу жайларды, соода түйүндөрүн кошкондо) пайда (киреше) алуу үчүн пайдаланылган, социалдык камсыздандыруу салымдарын төлөө үчүн эсепке алынган кандай гана болбосун өндүрүштүк, кампалык, соода жана башка жайларын тиешелүү эрежелерди сактоо менен иликтеп чыгууга;
текшерүүлөрдү жана экспертизаларды өткөрүүгө башка уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын контролдоочу органдарынын квалификациялуу адистерин тартууга;
камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча колдонуудагы мыйзамдардын орун алган бузулушун четтетүүнү камсыздандыруучудан талап кылууга;
камсыздандыруу салымдарын төлөө боюнча табылган кемчиликтерди четтетүү жөнүндө талаптар аткарылбаган, текшерүүгө жол берилбеген же камсыздоочунун кызмат адамдарына камсыздандыруу салымдарын эсептөөгө, төлөөгө байланыштуу документтерди бербеген учурларда камсыздандыруучунун мекемелердеги, банктардагы жана башка финансы-кредит уюмдарындагы эсептер боюнча операцияларын токтото турууга;
ушул Мыйзамда жана башка мыйзам актыларында каралган камсыздандыруу салымдары, финансылык жана айыптык санкциялар боюнча милдеттүү төлөмдөрдүн белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн суммасын камсыздоочунун мүлкүнөн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте камсыздандыруучунун мүлкүнөн өндүрүп алууга;
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине ылайык администрациялык айып акыларды салууга.
Административдик айып акыларды салуу укугу камсыздоочу агенттин аймактык жана/же функционалдык түзүмдөрүнүн жетекчилерине гана берилет.
2. Камсыздоочунун агенти төмөнкүлөргө милдеттүү:
Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу үчүн камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча жыйналган суммалардын камсыздоочуга өз убагында жана толук түшүшүн камсыз кылууга;
мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн туура эсептелишине, өз убагында төлөнүшүнө жана которулушуна контролдукту жүзөгө ашыруу, ушул Мыйзамда жана башка нормативдик-укуктук актыларда каралган финансылык жана башка санкцияларды колдонууга жана өз убагында өндүрүп алууга;
мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча төлөмдөрдүн эсептелиши жана келип түшүшү жөнүндө отчетторду жогору турган органдарга өз убагында бекитүүгө берүүгө милдеттүү.".
4. 10-берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-абзац менен толукталсын:
"камсыздандырылган адамдарды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугун чыңдоону каржылоо;".
5. 210-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын регресстик талаптарынын суммаларынан;".
6. 22-берененин үчүнчү бөлүгүнүн биринчи абзацы "сунуштоого милдеттүү" деген сөздөрдөн кийин "камсыздоочунун агентине жана" деген сөздөр менен толукталсын".
- үчүнчү бөлүктүн экинчи абзацындагы "мүмкүн" деген сөз "керек" деген сөзгө алмаштырылсын.
"Бул учурда" деген сөз "электрондук түрдөгү маалыматтарды бергенде" сөздөргө алмаштырылсын.
7. 23-беренеде:
- үчүнчү бөлүктөгү "фонд жана анын региондордогу бөлүмдөрү" деген сөздөр "камсыздоочунун агенти" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Камсыздоочунун агенти камсыздандыруу төгүмдөрүнүн төлөөчүлөрүнө камсыздандыруу төгүмдөрү, туумдар, айыптар жана башка финансылык санкциялар боюнча карыздарды жоюу үчүн мөөнөтүн жылдыруу жана бөлүп төлөөгө берилген күндөн тартып 5 күндүк мөөнөттө камсыздоочуну кабардандырат.".
8. 24-берененин 1-пунктундагы "15" деген цифралар "20" деген цифраларга алмаштырылсын.
9. 25-берененин биринчи бөлүгү "өкүлдөрү жүргүзөт" деген сөздөрдөн кийин "камсыздоочунун агенти" деген сөздөр менен толукталсын.
10. 26-берененин 2-пунктундагы үчүнчү абзацтагы "эсептешүү ведомостторун" деген сөздөрдөн кийин ", мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасында персонификациялык (жеке) эсепке алууну жүргүзүү үчүн керектүү маалыматтарды" деген сөздөр менен толукталсын.
11. 28-беренеде:
- экинчи бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "жыйноо жана" деген сөз алынып салынсын;
- экинчи бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду" деген сөздөр "жана камсыздоочунун агенти" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- экинчи бөлүк төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноону, төлөөнү контролдоо милдеттерин камсыздоочунун агенти - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт.".
3-берене.
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1997-ж., № 8, 392-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
6-берененин 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасында мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруунун, камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноодон башка, персонификациялык эсепке алуудан тартып пенсия төлөп берүүгө чейинки бүткүл циклин жүзөгө ашыруучу органдар Социалдык фонд жана анын аймактык органдары райондук жана шаардык бөлүмдөрү болуп саналат.".
2. 7-беренеде:
- 7-берененин 1-пунктундагы "Мамлекеттик" деген сөздөн мурда "Майыптык боюнча жана" деген сөздөр менен толукталсын;
- 7-берененин 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Пенсиянын базалык бөлүгү - ушул Мыйзамда белгиленгендей камсыздандыруу стажы бар жана ушул Мыйзам менен каралган башка шарттарга жооп берген адамдарга мамлекет тарабынан кепилдик берилген пенсиянын бөлүгү. Пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмү, пенсиялык камсыздандыруунун бардык түрлөрүнө бирдей өлчөмдө, Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдери менен белгиленет.".
3. 13-берененин 3-пунктундагы "мамлекеттик" деген сөз "республикалык" деген сөзгө алмаштырылсын.
4. 22-берененин 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Пенсиянын базалык бөлүгү, пенсионерлерди социалдык коргоонун негизги куралы болуп саналат.
Пенсиянын базалык бөлүгү (республикада мурдагы жыл үчүн иш жүзүндө түзүлгөн) орточо эмгек акынын 12 пайызынан кем эмес деңгээлде сакталат.
Пенсиянын базалык бөлүгү республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен, пенсиянын базалык бөлүгүн төлөп берүүгө багытталган каражаттардын жылдык муктаждыгынан төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
- 2010-жылдын 1-январынан тартып - 20 пайыз;
- 2011-жылдын 1-январынан тартып - 40 пайыз;
- 2012-жылдын 1-январынан тартып - 60 пайыз;
- 2013-жылдын 1-январынан тартып - 80 пайыз;
- 2014-жылдын 1-январынан жана кийинки жылдардан тартып - 100 пайыз.".
4-берене.
"Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-ж., № 4, 194-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 8-статьядагы 6-бөлүктөгү "мүмкүн" деген сөз "керек" деген сөзгө алмаштырылсын, "Бул учурда" деген сөздөр "электрондук түрдөгү маалыматтарды бергенде" сөздөргө алмаштырылсын.
2. 11-беренеде:
- 2, 3 жана 5-бөлүктөрүндөгү "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна" деген сөздөр "камсыздоочунун агентине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-бөлүктөгү "15" деген сан "20" деген санга алмаштырылсын, "аныкталган форма боюнча" деген сөздөрдөн кийин "кагаз жана электрондук түрдө" (магниттик ташыгычтарда же байланыш каналдары) деген сөздөр менен толукталсын. "Толукталсын" деген сөздөн кийин "Берилген документтердин юридикалык күчү электрондук санариптик кол тамга менен же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка система менен аныкталышы керек" деген сөздөр менен толукталсын.
- төмөнкү мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"Камсыздоочунун агенти, отчеттук айдан кийинки айдын 30-числосунан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду белгилеген формалар боюнча, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдүн жумуштуулук жана эмгек акы жөнүндө билдирмесин Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна өткөрүп берет.".
- 6 жана 7-бөлүктөрүндөгү "бешинчи бөлүгүндө" деген сөздөр "алтынчы бөлүгүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. III главанын аталышындагы "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдарынын" деген сөздөрдөн кийин ", камсыздоочунун агентинин" деген сөздөр менен толукталсын.
4. 15-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдарына" деген сөздөр "камсыздоочунун агентине" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 16-берененин 1-бөлүгүндөгү "иш берүүчүлөрдөн" деген сөздөр "камсыздоочунун агентинен" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. Төмөнкү мазмундагы 16-1-беренеси менен толукталсын:
"16-1-берене. Камсыздоочунун агентинин укуктары жана милдеттери
Камсыздоочунун агенти, иш берүүчүлөрдөн жана камсыздандырылган адамдардан ушул мыйзам менен белгиленгендей өз убагында жана туура маалымат берүүнү талап кылууга укуктуу.
Камсыздоочунун агенти төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Иш берүүчүлөр менен камсыздандырылган адамдар тарабынан берилген маалыматтарды, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна өз убагында берүүнү камсыз кылууга;
- Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр тарабынан берилүүчү, ушул Мыйзам менен белгиленген маалыматтардын тууралыгына, анын ичинде алардын эсепке алуу маалыматтары боюнча контролду жүзөгө ашырууга;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна берилген жумуштуулук жана эмгек акы тууралуу билдирмени толуктоого жана тактоого;
- Иш берүүчүлөр менен камсыздандырылган адамдар тарабынан берилген жумуштуулук жана эмгек акы тууралуу билдирмени өз убагында иштеп даяр кылууну камсыз кылууга.".
5-берене.
Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 99-берененин 1-пункттун экинчи абзацындагы "мыйзамда аныкталган тартипте" деген сөздөрдөн кийин "жана милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча төлөмдөрдүн негизги суммалары боюнча" деген сөздөр менен толукталсын.
2. 221-берене төмөнкү мазмундагы 7) пунктча менен толукталсын:
"7) камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды төлөө боюнча талаптарга.".
3. 854-беренеде:
2-пунктун экинчи абзацындагы "Акча ишкананын" деген сөздөрдөн мурда "пенсиялык топтоо каражаттарын ишеним башкарууда," деген сөздөр менен толукталсын.
4. 1009-беренеде:
- 1-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Келтирилген зыян үчүн жооптуу юридикалык жак же жаран, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо системасынын аткаруучу органынын регресстик талабы боюнча камсыздандырылган адамдарга же алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө төлөнүп берилген мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пособиелердин жана пенсиялардын суммасынын ордун толтурууга милдеттүү.";
5. 1120-беренеде:
2-пункттун 4-пунктчасындагы "эмгек жана социалдык камсыздоо" деген сөздөрдөн мурда "топтоочу пенсиялык фонддордун пенсиялык топтоолорунан тышкары," деген сөздөр менен толукталсын.
6-берене.
Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2006-ж., № 4, 392-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
2. 19-берененин экинчи бөлүгү төмөнкү мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"- ушул берененин 1-бөлүгүнүн он төртүнчү абзацына ылайык, анын бузулган эмгек укуктары жана эркиндигин коргоо мезгилинде, эмгек келишими менен ага жүктөлгөн өзүнүн эмгек милдеттерин аткарууга .".
2. 225-берене төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Келтирилген зыян үчүн жооптуу юридикалык жак же жаран, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо системасынын аткаруучу органынын регресстик талабы боюнча камсыздандырылган адамдарга же алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө төлөнүп берилген мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пособиелердин жана пенсиялардын суммасынын ордун толтурууга милдеттүү.".
7-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бул Мыйзам 2010-жылдын 1-июлуна чейин Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси жөнгө салуучу мамилелерге жайылтылбайт.
8-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|