Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 9-февралы №81
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 14-декабрындагы № 591 КПҮ "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, укук коргоо органдарында жана жергиликтүү сотторунда, Кыргыз Республикасынын Сот департаментинде кызматтык жеңил, атайын жана дежур автомашиналарды пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кызматтык автомашиналарды колдонууну тартипке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 14-декабрындагы № 591 КПҮ "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, укук коргоо органдарында жана жергиликтүү сотторунда, Кыргыз Республикасынын Сот департаментинде кызматтык жеңил, атайын жана дежур автомашиналарды пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөндөгү толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышы, 2-пунктун экинчи абзацы, 3-пункту "укук коргоо органдарында" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде" деген сөздөр менен тиешелүү жөндөмөдө толукталсын;
- 2-пунктун алтынчы абзацы төмөндөгү редакцияда берилсин:
"- бул токтомдун 1, 2 жана 3-тиркемелеринде көрсөтүлгөн кызмат адамдарын тейлөө үчүн наркы 1000000 сомдон ашык эмес жеңил автотранспорт каражаттары сатып алынаары;";
- жетинчи абзац төмөндөгү редакцияда берилсин:
"- автотранспорт каражаттарын, ошондой эле кызматтык жеңил, атайын жана дежур автомашиналарды сатып алуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин макулдугу боюнча жүргүзүүлөрү;";
- 1, 2 жана 3-тиркемелердин аталыштары "укук коргоо органдарынын" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин" деген сөздөр менен толукталсын.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |