Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-февралындагы № 86 токтому менен бекитилген |
|
|
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин алдындагы Кесиптик-техникалык билим берүү агенттиги (мындан ары - Агенттик) кесиптик-техникалык билим берүү жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине караган ведомстволук бөлүмчө болуп саналат жана өзүнүн ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин жалпы жетектөөсүндө жүргүзөт.
2. Агенттик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары менен буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен буйруктарын, Кыргыз Республикасынын күчүнө кирген эл аралык келишимдерин, Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин жобосун жана ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Агенттик мурунку Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттигинин укуктуу мураскору болуп эсептелет.
4. Агенттик юридикалык жак болот, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлүп, аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү жана бурчтуу штампы, ошондой эле Казыначылык системасында алыш-бериш, утурумдук жана башка эсептери Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин борбордук агенттик банкында болот.
5. Агенттиктин толук аталышы:
Мамлекеттик тилде - "Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин алдындагы Кесиптик-техникалык билим берүү агенттиги";
Официалдык тилде - "Агентство профессионально-технического образования при Министерстве труда, занятости и миграции Кыргызской Республики";
Мамлекеттик тилде кыскартылып айтылышы "КТБА";
Официалдык тилде кыскартылып айтылышы "АПТО".
6. Агенттиктин негизги максаты баштапкы кесиптик билим берүүнүн стандарттарынын негизинде эмгек рыногун квалификациялык кадрлар менен камсыз кылуу боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу жана жарандардын кызыкчылыктарын, мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен коомдун кесиптик билим алууга муктаждыгын канааттандыруу болуп саналат.
7. Агенттиктин милдеттери:
- эмгек рыногундагы суроо-талапты эске алуу менен квалификациялык кадрларды даярдоону өркүндөтүү чараларын иштеп чыгуу;
- Башталгыч кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарын иштеп чыгуу, кесиптик-техникалык билим берүүдө жаңы инновациялык окуу методикаларды киргизүү;
- кесиптик-техникалык билим берүүдө окутуунун сапатын жогорулатуу;
- жумушчу кадрларды даярдоодо, кайра даярдоодо жана квалификациясын жогорулатууда жана окуунун жүрүшүн уюштурууда керектүү шарттарды түзүү, натыйжалуулукту камсыз кылуу;
- кесиптик-техникалык билим берүү системасынын ишмердигин каржылоого багытталган каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу;
- социалдык жактан аз камсыз болгон жарандарга билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
- кесиптик-техникалык билим берүү системасынын ишмердүүлүгүнүн кадыр-баркын көтөрүү.
8. Агенттик өзүнө жүктөлгөн милдеттерди жүзөгө ашыруу максатында төмөнкү иш-милдеттерди аткарат:
- Кесиптик-техникалык билим берүү системасынын ишин өнүктүрүүгө багытталган азыркы жана келечектеги иш чаралардын планын иштеп чыгат;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине Кесиптик-техникалык билим берүү системасынын ишмердигин жөнгө салуучу нормативдик укуктук актылардын долбоорун иштеп чыгат, ошондой эле белгиленген тартипте аларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизет;
- жумушчу кадрларды даярдоодо, кайра даярдоодо жана квалификациясын жогорулатууда, азыркы рыноктун шартына, суроо талабына ылайык жумушчу кадрларды кыска мөөнөттө даярдалуучу иш чараларды жана божомолдорду иштеп чыгат жана бекитет;
- Баштапкы кесиптик билим берүү боюнча жумушчу кесиптердин жана адистиктердин тизмесине, рыноктун шартына ылайык жаңы адистиктерди киргизет;
- жумушсуз калктан жана эмгек мигранттарынын арасынан жумушчу кадрларды даярдоодо жана квалификациясын жогорулатууда, министрликтин территориялдык түзүмдөрү жана карамагындагы ведомстволук менен бирдикте тыгыз иш алып барат;
- кесиптик-техникалык билим берүү жаатында негизги ишмердүүлүктү өркүндөтүү маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана кызыктар болгон мекемелер менен иш алып барат;
- башталгыч кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарын иштеп чыгат жана бекитет;
- баштапкы кесиптик-билим берүүчү окуу жайларынын алдыңкы педагогикалык тажрыйбаларын өнүктүрүү боюнча методикалык жардам берет;
- баштапкы кесиптик-билим берүүчү окуу жайларынын алдыңкы педагогикалык тажрыйбаларын изилдейт, жалпылаштырат жана аларды жайылтуу максатында семинар, тренингдерди, конференцияларды, педагогикалык окууларды республикалык деңгээлде уюштурат;
- кесиптик-техникалык билим берүү системасынын окуу жайларын жана уюмдарын пландоону жана каржылоону жүзөгө ашырат;
- инженер-педагогикалык кызматчылардын квалификациясын жогорулатууну уюштурат;
- окуу китептерин жана усулдук окуу куралдарын басып чыгарууга даярдайт;
- кесиптик-техникалык билим берүү системасынын окуу жайларын өз убагында окуу-программалык документтер менен камсыз кылат;
- жаңы окуу жылынын башталышында окуучуларды кабыл алуусун жана окуу жылынын бүтүшүн камсыз кылат;
- кесиптик-техникалык билим берүү системасынын алкагындагы мамлекеттик үлгүдөгү документтерди берүү, эсебин алуу жана сактоону уюштурат;
- окуу жайларда окуу-тарбия иштери боюнча республикалык деңгээлдеги маданий иш чараларды жана ден соолукту чыңдоо боюнча иш чараларды өткөрүүнү камсыз кылат;
- министрликтин территориялдык түзүмдөрү жана ведомстволору жумуш берүүчүлөрдүн кызыкчылыктарын эске алуу менен бирдикте, маалыматтык ишмердүүлүктү жана кесипке багыт берүү иштерин камсыз кылууну жана усулдук чеберчилик боюнча бош орундардын жарманкелеринин сынактарына катыштырууну көзөмөлдөйт;
- Агенттик өзүнө таандык баштапкы кесиптик-техникалык окуу жайлардын жана башка билим берүү уюмдарынын менчиктин формаларына карабастан алардын ишмердүүлүгүн белгиленген тартипте аттестациялоо (аккредитациялоо) жүргүзөт;
- кесиптик-техникалык билим берүү системасын өркүндөтүү, модернизациялоо жана техникалык жактан кайра жабдуу үчүн окуу жайларга жана ведомстволук бөлүмдөргө шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтөт;
- көп каналдуу каржылоону толуктоочу булактардын эсебинен өнүктүрүүнү, ошондой эле эл аралык гранттарды тартуу, долбоорлорду иштеп чыгууну жөнгө салат;
- кесиптик-техникалык билим берүү системасынын окуу жайларын жана уюмдарын пландоону жана каржылоону уюштурат;
- кесиптик-техникалык билим берүү системасын ишмердигин каржылоого багытталган каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылат;
- жылуулук энергиясын үнөмдөө программасына ылайык, окуу жайлардын жана ведомстволордун кышкы от жагуу мезгилин өткөрүүнү жана даярдоону уюштурат;
- калктын социалдык жактан аз камсыз болгон катмарынын (жетимдер, инвалиддер, кароосуз калгандар) кесип алышы үчүн шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтөт;
- социалдык жактан аз камсыз болгон окуучулардын жайкы эс алуусун уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу Мамлекеттик кызматы менен бирдикте соттолгондордун кесипке ээ болуу укугун камсыз кылат;
- кесиптик-техникалык билим берүү системасынын окуу жайлары жана карамагындагы ведомстволор жөнүндө негизги базаны аныктайт.
9. Агенттик өзүнө жүктөлгөн иш-милдеттерди аткаруу жана коюлган милдеттерди чечүү үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- баштапкы кесиптик билим берүү маселеси боюнча нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга;
- Министрликтин, Агенттиктин коллегияларынын жыйындарында негизги иштер боюнча маселелерди коюуга;
- ведомстволук уюмдардын, окуу жайлардын, министрликтин территориалдык бөлүмдөрүнүн негизги иштери боюнча отчетторун, маалыматтарын алууга;
- эксперт, консультант жана башка адистерди тартуу менен кесиптик-техникалык билим берүү маселеси боюнча изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды жүргүзүүгө;
- баштапкы кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарын иштеп чыгууга жана бекитүүгө;
- Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча агенттиктин Ардак грамотасы, "Кесиптик-техникалык билим берүү отличниги" деген төш белгиси менен сыйлоо, маселелерин чечүүгө жана кесиптик-техникалык билим берүүнүн айырмаланган кызматкерлерин сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө сунуштарды Министрликке берүүгө;
- окуу жайлардын, ведомстволук уюмдардын чыгымдарынын сметасын бекитүүгө жана алардын аткарылышын көзөмөлгө алууга;
- кесиптик-техникалык билим берүү жаатында чет мамлекеттер, эл аралык жана өкмөттүк эмес мекемелер жана уюмдар менен байланышты орнотууга, эл аралык келишимдерди түзүүгө жана кызматташтыкты жүзөгө ашырууга;
- ведомстволук уюмдардын жана окуу жайлардын атайын каражаттарынын белгиленген чегерүүлөрдүн эсебинен Казначылык системасында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте атайын эсеп ачууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында ылайык жана башка ыйгарым укуктарды ишке ашырууга.
10. Агенттикти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги башкарат.
- Агенттиктин түзүмүн жана штаттык бирдигин Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги бекитет.
11. Агенттикти директор жетектейт, Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министри тарабынан сунушталат жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка бекитилет жана кызматтан бошотулат.
12. Агенттиктин директору:
- Агенттиктин ишмердүүлүгүн жана анын ведомстволук бөлүмчөлөрүнүн иштерин жетектейт;
- Агенттикке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат;
- Агенттиктин борбордук аппаратынын кызматкерлерин, окуу жайлардын башкы эсепчилерин, ведомстволук бөлүмчөлөрдүн жетекчилерин жана башкы эсепчилерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматка алат жана кызматтан бошотот, аларга сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
- баштапкы кесиптик билим берүү боюнча окуу жайлардын жетекчилерин Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министринин макулдугунун негизинде кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Агенттиктин жана түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн кызматкерлери милдеттүү түрдө аткаруучу буйруктарды өзүнүн ыйгарым укугунун чегинде чыгарат жана алардын аткарылышын көзөмөлгө алат;
- ички иш тартибин белгилейт;
- кесиптик окуу жайлардын, ведомстволук, түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн жоболорун, уставдарын жана ошондой эле штаттык тизимин бекитет;
- Агенттик Казначылык системасында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте атайын эсеп ачат жана Агенттиктин атынан ишеним каттарды берет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде Мамлекеттик агенттиктин мүлкүн башкарат жана каражаттарын тескейт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жана башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
13. Директордун орун басары, пландоо жана финансылоо бөлүмүнүн башчысы Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министри тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
14. Агенттиктин алдында курамы беш кишиден турган Коллегия түзүлөт.
- Агенттиктин директору коллегиянын төрагасы болот.
Коллегиянын курамын Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги бекитет.
Коллегия өзүнүн жыйындарында төмөнкүлөрдү карайт:
- иштин негизги маселелерин жана кесиптик-техникалык билим берүү системасын өркүндөтүүнү;
- өзүнүн чечимдеринин аткарылышын текшерүүнүн жыйынтыктарын;
- баштапкы кесиптик билим берүүнүн окуу жайларынын жана ведомстволук бөлүмчөлөрдүн жетекчилеринин отчетторун угат;
- айырмаланган алдыңкы кызматкерлерди сыйлоо жана башка маселелерди чечүү Агенттиктин ишине кирет.
15. Агенттикти кайра уюштуруу, жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жүргүзүлөт.