Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-февралындагы №98 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргызавтожолдору" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
I. Жалпы жоболор
II. Ишкананын милдеттери
III. Ишкананын ыйгарым укуктары
IV. Ишкананын функциялары
V. Ишкананын мүлкү, финансы каражаттары жана фонддору
VI. Ишкананы башкаруу
VII. Эсеп, отчеттуулук жана көзөмөл
VIII. Ишкананы жоюу, өзгөртүп уюштуруу
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргызавтожолдору" мамлекеттик ишканасы (текстте мындан ары "Ишкана"), Кыргыз Республикасынын Конституциясына , Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашырууну камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө" 2009-жылдын 22-сентябрындагы N 425 Жарлыгын аткарууда түзүлдү.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин актыларын, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкананы уюмдаштыруучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү болуп эсептелет.
Ишкана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине түздөн-түз баш ийет.
Бул Устав менен жөнгө салынбаган маселелер колдонулуп жаткан мыйзамдарга ылайык жөнгө салынат.
4. Ишкананын аталышы:
- мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргызавтожолдору" мамлекеттик ишканасы. Кыскартылган түрү - "Кыргызавтожолдору" МИ;
- расмий тилде: Государственное предприятие "Кыргызавтожолдору" при Министерстве транспорта и коммуникаций Кыргызской Республики. Кыскартылган түрү - ГП "Кыргызавтожолдору";
- англис тилинде: State Enterprise "Kyrgyzavtojoldoru" under Ministry of transport and communication of Kyrgyz Republik. Кыскартылган түрү - SE "Kyrgyzavtojoldoru"
5. Ишкананын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Биринчи май р-у, Исанов көчөсү, 42.
6. Ишкананын уюштуруучу укуктук формасы - Мамлекеттик ишкана.
Ишкана оперативдүү башкаруу укугунда негизделген.
Ишкана мамлекеттик ишкананын уюштуруучулук укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча чарбалык субъект болуп саналат жана толук чарбалык эсеп, өзүн өзү каржылоо жана өзүн актай алуучулук принциптеринде аракеттенет, негизги жана жүгүртүүчү каражаттары, өз алдынча бириктирилген балансы, Кыргыз Республикасынын банктык мекемелеринде улуттук жана чет өлкөлүк валютада алыш-бериш эсеби бар.
Ишкананын аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган өзүнүн мөөрү, белгиленген үлгүдөгү штампы, бланктары, башкалардан айырмалап туруучу визуалдык каражаттары, атрибуттары бар.
7. "Кыргызавтожолдору" МИ колдонулуп жаткан мыйзамдарда белгиленген тартипте өз ишин башка аткаруу бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана башка уюмдар менен эриш-аркак жүргүзөт.
8. Ишкананын жумушчуларынын иштөө жана эс алуу режими, алардын социалдык камсыздоосу, коргонуусу колдонулуп жаткан Эмгек мыйзамдарынын нормалары менен тартипке салынат.
9. Ишкананын ишмердүүлүгүнүн мөөнөтү чектелбейт.
10. Ишкананын негизги маселелери төмөнкүлөр болуп эсептелет:
- автомобилдик жолдорду өндүрүп өрчүтүү;
- жалпы пайдалануудагы автомобилдик жолдор боюнча автотранспорттук каражаттардын үзгүлтүксүз жана коопсуз кыймылын камсыздоо;
- жалпы пайдалануудагы автомобилдик жолдордун транспорт-эксплуатациялык сапатын, туруктуулугун, иштөө мөөнөтүн, өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу;
- жалпы пайдалануудагы автомобилдик жолдорду күндөлүк күтүү жана тейлөө;
- илимди жана техниканы өркүндөтүү, ишкердүүлүктүн тиешелүү чөйрөсүндө жаңы технологияларды киргизүү.
11. Ишкана өзүнүн Уставдык маселелерин жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкү ыйгарым укуктарды аткарууга укуктуу:
- Кыргыз Республикасынын чегинде жана анын чегинен тышкары башка юридикалык жана жеке жактар, уюмдар, ишканалар менен каалагандай мыйзамдуу формада кызматташуу жана ишкердүүлүккө катышуу;
- өз укук чегинде юридикалык жана жеке жактардан, уюмдардан, ишканалардан жалпы пайдалануудагы автомобилдик жолдордун иштетилиши жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо тууралуу маалыматтарды талап кылып алуу;
- мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды сатып алуу жана жүзөгө ашыруу, ээликтен ажыратуу, убара кылуу, ошондой эле мүлктүк укуктар жаатында башка дагы бүтүмдөрдү ишке ашыруу;
- юридикалык жана жеке жактар менен алардын уюштуруучу-укуктук формасына карабастан накталай жана накталай эмес эсептешүүлөрдү белгиленген тартипте жүргүзүү;
- сот органдарында доочу же жооп берүүчү катары чыгуу;
- адистерди келишим негизинде окууга, кайрадан даярдоого, квалификациясын жогорулатууга жана такшалтмаларга жиберүү;
- Ишканалардын кызматкерлерин кызматтык иш сапарларга, эл аралык конференцияларга, семинарларга жана көргөзмөлөргө жиберүү;
- колдонулуп жаткан мыйзамдарда белгиленген тартипте акы чогултууну камсыздоо;
- белгиленген тартипте жол чарбасынын маселелери жаатында Кыргыз Республикасынын таламын көрсөтүүгө;
- белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга сунуштарды киргизүүгө:
а) оперативдүү башкаруу укугу менен жол органдарында жалпы пайдалануудагы автомобилдик жолдорду бекитүү ошондой эле аларды башка жолдор менен башкаруу жөнүндө;
б) жол ишканаларын түзүү, өзгөртүп уюштуруу жана жоюу жөнүндө;
в) салмак-көлөм контролдоо пункттарын түзүү жөнүндө;
г) жалпы пайдалануудагы автомобилдик жолдорду өнүктүрүү жөнүндө;
д) автотранспорт каражаттарынын жалпы пайдалануудагы автомобилдик жолдордо жүрүүсүнө тыюу салуу же убактылуу чектөө;
- белгиленген тартипте конференцияларды, семинарларды, көргөзмөлөрдү уюштуруу.
Ишкана, ишмердиктин милдеттүү түрдө лицензиялануучу өзүнчө түрлөрү менен белгиленген тартипте берилген тийиштүү лицензияларды алгандан кийин гана иш аткарганга акылуу.
12. Ишкана төмөнкү функцияларды аткарат:
- жалпы пайдалануудагы автомобилдик жолдорду жана жол курулуштарын орточо жана күндөлүк оңдоо, тейлөө жана күтүү боюнча мамлекеттик заказдарды аткарууга Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен мамлекеттик келишимдерди түзүү;
- жалпы пайдалануудагы автомобилдик жолдорду жана жол курулуштарын куруу, реконструкциялоо, реабилитациялоо, орто жана күндөлүк оңдоо, күндөлүк тейлөө жана күтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан өткөрүлүп берилген мамлекеттик мүлктү колдонуу;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министирлиги менен түзүлгөн контракттардын шарттарына ылайык, жалпы пайдалануудагы автомобилдик жолдорду жана жол курулуштарын орто жана күндөлүк оңдоо, күндөлүк тейлөө жана күтүү иштерин аткарууга мамлекеттик заказдарды камсыздайт;
- белгиленген тартипте тендерлерди өткөрүүгө жана анын жыйынтыгы боюнча заказдарды бөлүштүрүүгө, товарларды жеткирүүгө, жумуштарды аткарууга жана кызматтарды көрсөтүүгө, илимий-изилдөө иштерин жана тажрыйба-конструктордук иштеп чыгууларды жүргүзүүгө келишимдерди түзүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген тартипте жыйым алууларды камсыздайт;
- жалпы пайдалануудагы автомобилдик жолдордун жана жол курулуштарынын эсебин жүргүзөт;
- жалпы пайдалануудагы автомобилдик жолдордун жана жол курулуштарынын абалы тууралу, жолдордун өзүнчө бөлүктөрүндөгү кыймыл шарттары тууралуу автомобилдик жолдорду пайдалануучуларга маалымдайт;
- Кыргыз Республикасынын автомобилдик жолдорунун атласынын басылып чыгарылуусун уюштурат;
- жалпы пайдалануудагы автомобилдик жолдордун курулуп, реконструкцияланып жана оңдолуп бүткөн бөлүктөрүн, тоннелдерди, көпүрөлөрдү жана башка жасалма курулуштарды жана объекттерди эксплуатацияга өткөрүп алууга катышат;
- жалпы пайдалануудагы автомобилдик жолдордун жана жол курулуштарын акы төлөөчү негизде эксплуатациялоого сунуштарды даярдоого катышат;
- автомобилдик жолдордун сапаты стандарттарга, нормаларга жана эрежелерге ылайык болушун камсыздоо максатында жол куруу жана ремонт иштерин жөнгө салуучу жалпы пайдалануудагы автомобилдик жолдорду куруу, реконструкциялоо, оңдоо жана күтүү долбоорлорун даярдоого катышат;
- жалпы пайдалануудагы автомобилдик жолдордун жана жол органдарынын стабилдүү иштешине, курчап турган чөйрөнү коргоо, эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын иштешине карата чара көрүп, мобилизациялык даярдык жана жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана алардын натыйжасынан жоюу боюнча иш чараларды жүзөгө ашырат;
- жалпы пайдалануудагы автомобилдик жолдорго жана жол курулуштарына пайдалануучулар, табигый кырсыктар тарабынан келтирилген зыяндардын мүнөзүн жана өлчөмүн аныктоо;
- аткарылган жол-оңдоо жана куруу жумуштардын, кызматтардын көлөмүн аныктоо;
- жалпы пайдалануудагы автомобилдик жолдорду жана жол курулуштарын курууда, реконструкциялоодо, оңдоодо камсыздоо ресурстары тууралу сунуштарды даярдайт;
- жол чарбасынын бюджетин даярдоого жана болжолдоого катышат;
- жалпы пайдалануудагы автомобилдик жолдорду жана жол курулуштарын оңдоого жана күтүүгө каражаттарды натыйжалуу жана максаттуу пайдаланууну камсыздайт;
- жалпы пайдалануудагы автомобилдик жолдорго ири габариттүү жана оор салмактагы автотранспортторду өткөрүү боюнча чараларды ишке ашырат;
- жалпы пайдалануудагы автомобилдик жолдордун тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды даярдайт;
- жалпы пайдалануудагы автомобилдик жолдордун сапатынын транспорт-эксплуатациялык көрсөткүчтөрүн аныктап, алардын деңгээлин жогорулатуу боюнча иш чараларды өткөрөт;
- жалпы пайдалануудагы автомобилдик жолдор жана жол курулуштары жөнүндө маалыматтардын тармактык банкын жүргүзөт;
- жол оңдоо жана куруу иштерине баалардын калыптануу методологиясын даярдоого катышат;
- жолдорду эксплуатациялоочу органдардын күз-кыш мезгилдерине даяр болуп турушун камсыздайт;
- жалпы пайдалануудагы автомобилдик жолдорду жана жол курулуштарын пайдалануу маселелери боюнча, ошондой эле жол оңдоо жана куруу иштеринин маселелери боюнча кеңеш кызматтарын ишке ашырат;
- жалпы пайдалануудагы автомобилдик жолдордун жасалгалоо иштерин жүргүзөт;
- өз компетенциясынын чегинде, жыйымдардын көлөмүн аныктоочу ченемдик-укук актыларынын долбоорлорун даярдоого катышат;
- жалпы пайдалануудагы автомобилдик жолдордо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарын орнотуу иштерин уюштурулушуна жана алардын аткарылышына катышат;
- жарандарды кабыл алууну, алардын кайрылууларын өз убагында карап чыгууну белгиленген мыйзам тартибинде уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, башка функцияларды да жүзөгө ашырат.
14. Муну менен кошо, Ишкана төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Ишкананын жумушчуларын эмгектин коопсуз шарттары менен камсыздоого жана алардын ден-соолугуна жана эмгекке жарамдуулугуна келтирилген зыяндар үчүн белгиленген тартиптеги эмгек мыйзамдарына жана башка мыйзамдарга ылайык жооп тартууга;
- Ишкананын жумушчуларын колдонулуп жаткан мыйзамдарда каралган социалдык, медициналык жана башка милдеттүү камсыздандыруучу түрлөрү менен камсыздоого;
- тийиштүү мамлекеттик органдарга Ишкананын отчетун өз убагында берүүгө, колдонулуп жаткан мыйзамдарда аныкталган тартипте жана көлөмдө салыктарды жана башка төлөмдөрдү төлөөгө;
- Ишкананын ишкердик процессинде пайда болгон архивдик документтерди топтоо, сактоо, эсепке алуу жана пайдалануу боюнча иштерди колдонулуп жаткан мыйзамдарга ылайык келтирүүгө;
- мамлекеттик, кызматтык жана башка мыйзам тарабынан корголгон маалыматтарды жайылтпоого, сыр катарында сактоого бардык керектүү чараларды камсыздоого.
15. Ишкана оперативдүү башкаруу укугунда Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлиги тарабынан берилген жана өздүк каражатка сатып алынган мүлктүн эсебинен турган обочолонгон мүлккө ээ.
16. Ишкананын мүлкү негизги фонддордон, жүгүртүүчү каражаттардан жана башка мүлктөн турат, алардын наркы Ишкананын балансында чагылдырылат.
17. Ишкана белгиленген мыйзам тартибинде, өзүнүн ишмердүүлүк максаттарына, менчик ээсинин тапшырмаларына жана аларга бекитилген мүлктүн милдеттерине ылайык аларга ээлик кылуу жана пайдалануу укугун жүзөгө ашырат.
18. Ишкана менчик ээсинин макулдугу менен аларга бекитилген мүлктөн ажыратууга же башка жолдор менен башкарууга укуктуу.
19. Ишкананын ишмердүүлүгүнөн алынган киреше жана ал кирешенин эсебинен сатып алынган мүлк Ишкананын балансына кирет.
20. Ишкана өзүнүн өзүнчө, обочолонгон бөлүмдөрүнө алардын негизги ишмердүүлүгүн аткаруу үчүн зарыл болгон негизги жана жүгүртүүчү каражаттардын бөлүгүн бекитүүгө укуктуу.
Ашыкча материалдык баалуулуктар жана каражаттар өндүрүмдүүлүк максатында Ишкананын биринчи обочолонгон бөлүмдөрүнөн алынып, экинчи бөлүмдөргө өткөрүлүп берилет.
21. Негизги каражаттарды эсептен чыгарып таштоо, сатуу жана өткөрүп берүү Ишкана тарабынан белгиленген мыйзам тартибинде жүзөгө ашырылат.
22. Ишкананын киреше алып келүүчү булактары төмөнкүлөр:
- мамлекеттик заказдарды аткаруудан алынган кирешелер;
- юридикалык жана жеке жактар менен түзүлгөн келишимдердин негизинде каржы жана чарбалык ишмердүүлүктөн алынган кирешелер;
- бюджеттен бөлүнгөн борборлошкон акча каражаты;
- төлөөсүз жана кайрымдуулук взностор, уюмдардын, ишканалардын, юридикалык жана жеке жактардын өз ыктыярлары менен берген акча каражаттары;
- колдонулуп жаткан мыйзамдарда тыюу салынбаган башка булактар.
23. Ишкана төмөнкүлөрдү түзүүгө укуктуу:
- амортизациялык фонд;
- өндүрүштү өнүктүрүүнүн фонду;
- материалдык сыйлык фонду.
Фонд жөнүндө жоболор, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлиги тарабынан Уюмдаштыруучу менен макулдашуу жолу менен бекилет.
Фонддор Ишкананын башкаруусунда жайгашат.
24. Ишкананын башкаруунун жогорку органы - Уюмдаштыруучу.
25. Уюмдаштыруучунун артыкча компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- Ишкананын Уставын бекитүү жана ага белгиленген тартипте өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
- Ишкананы белгиленген тартипте өзгөртүп уюштуруу, кайрадан түзүү жана жоюу;
- Ишкананын филиалдарын, өкүлчүлүктөрүн жана туунду уюмдарын түзүүгө макулдук берүү.
Уюмдаштыруучунун артыкча компетенциясынан башка Уюмдаштыруучунун компетенциясына тийиштүү өзүнчө маселелер Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрине өткөрүлүп берилиши мүмкүн.
Уюмдаштыруучу мындан башка, мыйзамга ылайык ыйгарым укуктарды аткарууга да укуктуу.
26. Ишканага Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин сунушу менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалган Генералдык директор башчылык кылат.
27. Генералдык директор:
- Ишкананын ишмердүүлүгүнө жалпы жетекчилик кылат, ошондой эле Ишканага жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышына жекече жоопкерчилик тартат;
- Ишкананын атынан ишеним кагазысыз аракеттенет;
- бардык мамлекеттик органдар, юридикалык жана жеке жактар менен, менчик формасына карабастан Кыргыз Республикасындагы жана анын чегинен тышкаркы коомдук уюмдар менен өз ара мамилелерде Ишкананын таламын көздөйт;
- бардык финансылык документтерге биринчи кол коюу укугуна ээ;
- келишимдерге, контракттарга, макулдашууларга кол коет жана түзөт;
- Ишкананын кызматкерлеринин штатын түзөт жана штаттык ырааттамасын бекитет;
- жумушка алуунун, эмгек акылардын төлөнүшүнүн шарттарын жана тартибин аныктайт, кызматтык төлөмдөрдү жана кошумча төлөмдөрдү орнотот, сый акы жана материалдык сыйлоолордун тартибин аныктайт, эмгек өргүүлөрүнүн графигин бекитет, эмгек келишимдерин түзөт, жумушчуларга сыйлоо жана тартип жазаларын көрөт;
- өзгөчө айырмаланган жумушчуларды белгиленген тартипте ведомстволук жана мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтөт;
- өзүнүн орун басарларынын, карамагындагы обочолонгон бөлүмдөрдүн жетекчилеринин, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин милдеттерин жана жоопкерчилик даражаларын бөлүштүрөт;
- Ишкананын атынан ишеним кагаздарды берет;
- Ишкананын жана анын бөлүмдөрүнүн бардык жумушчулары милдеттүү түрдө аткарышы үчүн буйруктарды, буйрутмаларды жана тапшырмаларды чыгарат, кол жазма түрүндө жана оозеки көрсөтмөлөрдү берет;
- Ишкананын ишмердүүлүгү жана балансы жөнүндө жылдык отчетту Уюмдаштыруучуга бекитүүгө көрсөтөт;
- Уюмдаштыруучунун чечимдеринин жана тапшырмаларынын аткарылышын уюштурат жана камсыздайт;
- мыйзамга ылайык, Ишкананын ишмердүүлүгүнүн максатка жетишүүсү үчүн жана анын иштерин камсыздоо үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
28. Генералдык директордун ар биринин жеке жоопкерчилик участкасы бар Генералдык директордун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри тарабынан дайындалуучу эки орун басары бар.
29. Генералдык директордун орун басарлары:
- Ишкананын компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууга катышышат, Генералдык директор менен анын орун басарларынын ортосундагы бөлүштүрүлгөн милдеттенмелерге ылайык өздөрүнүн ыйгарым укуктуулугунун чегинде жүктөлгөн жеке жоопкерчиликтерине ылайык Ишкананын ишмердүүлүгүнө жетекчилик кылат;
- орун басарлардын бирөөсү Генералдык директор жок учурларда, анын милдеттерин аткарат. Генералдык директордун милдеттеринин орун басарга жүктөлүшү, иштөө мөөнөтүн көрсөтүү менен тиешелүү буйруктар менен жол-жоболоштурулат.
- Генералдык директордун орун басарларынын бирөөсүнө бардык финансылык документтерге кол коюу укугу ыйгарылышы мүмкүн.
30. Ишкананын ишмердүүлүгүнүн өтө маанилүү маселелерин карап чыгуу жана чечүү үчүн Техникалык кеңеш түзүлөт.
Техникалык кеңештин курамы Ишкананын аппаратынын кызматкерлеринин жана обочолонгон аймактык бөлүмдөрдүн жумушчуларынын ичинен Генералдык директор тарабынан бекитилет.
Техникалык кеңештин чечими протоколдор менен жазып-катталат жана Ишкана боюнча буйруктар менен коштолот.
31. Текшерүү комиссиясы:
Ишкананын жана анын обочолонгон аймактык бөлүмдөрүнүн каржы жана чарбалык ишмердүүлүгүнө көзөмөлдүк кылуу үчүн Уюмдаштыруучунун чечими менен Текшерүү комиссиясы түзүлөт, анын курамы Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан, Уюмдаштыруучу менен макулдашуу жолу менен аныкталат.
Текшерүү комиссиясынын төрагалары жана мүчөлөрү Уюмдаштыруучу тарабынан эки жылдык мөөнөткө шайланат. Текшерүү комиссиясынын төрагаларынын жана мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары Уюмдаштыруучунун чечими менен мөөнөтүнө чейин токтотулушу мүмкүн.
32. Ишкана Кыргыз Республикасынын белгиленген мыйзам тартибинде өзүнүн ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарына оперативдүү чарбалык, бухгалтердик жана статистикалык эсеп жүргүзөт, карамагындагы обочолонгон аймактык бөлүмдөрдүн ишмердүүлүгүнө көзөмөлдүк кылат.
33. Ишкана өзүнүн финансы-чабалык ишмердигинин жыйынтыктары жөнүндө салык, камсыздоо жана башка мамлекеттик органдарга белгиленген тартипте керектүү маалыматтарды берет.
34. Ишкананын обочолонгон аймактык бөлүмдөрү белгиленген мөөнөттө финансылык жана статистикалык отчет берет. Ишкананын жана анын бөлүмдөрүнүн топтолгон балансы жана отчеттуулугу Генералдык директор тарабынан бекитилет жана тиешелүү мамлекеттик органдарга берилет.
35. Берилген маалыматтардын тууралыгына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жактар жооп тартат.
36. Ишкананы өзгөртүп уюштуруу жана жоюу (бириктирүү, кошуу, бөлүштүрүү, бөлүп чыгаруу, кайрадан түзүү) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
37. Ишкананын ишмердүүлүк процессинде пайда болгон документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайдаланылат жана сакталат.
38. Юридикалык жактардын мамлекеттик реестринде тиешелүү жазуулар киргизилген учурдан тартып Ишкана өзгөртүп уюштурулат же жоюлат.