Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 12-февралы №100
Иш күндөрүн которуу жөнүндө
Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эки дем алыш күнү бар беш күндүк иш жуманын графиги менен иштеген уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2010-жылдын 22-февралындагы иш күнү 2010-жылдын 20-февралындагы дем алыш күнүнө которулсун.
2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу |
А.Жапаров |