Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 16-февралы №102
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу |
А.Жапаров |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ("Эркин Тоо" гезити, 2008-жылдын 22-октябры, № 78-81) төмөнкү толуктоолор киргизилсин:
1. 31-берененин 6-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
- "7) Жогорку технологиялар паркындагы салык режими".
2. Кыргыз Республикасынын Салык Кодекси 59-бап менен толукталсын.
"59-бап
Жогорку технологиялар паркындагы салык режими
386-берене. Жалпы жоболор
Бул бапта каралган салык режими чарба жана сырткы экономикалык ишмердикти жүзөгө ашырган, ЖТП ишмердигинин маселелерине жана багыттарына ылайык кызмат көрсөткөн ЖТП резиденттеринин ишмердик мамилелеринде гана колдонулат.
387-берене. Салыктык каттоо
ЖТПнын Резиденти катталган жери боюнча тиешелүү салык органына ЖТПнын Резиденти катары нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн каттоо документинин көчүрмөсү тиркелген арызын көрсөтүү менен Жогорку технологиялар паркы катталган күндөн тартып 5 күн ичинде салыктык каттоодон өтүүгө милдеттүү.
Эсептик каттоо субъекттин каттоо жөнүндө арыз берген айынан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып күчүнө кирет.
388-берене. Жогорку технологиялар паркынын субъекттеринин салык төлөө өзгөчөлүгү
1. Бул бапта башкача каралбаган учурда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталган мөөнөттө, бул Кодекстин 386-беренесинин талаптарына жооп берген Жогорку технологиялар паркынын Резидентинин ишмердиги төмөнкү салыктардан бошотулат: түшкөн пайдадан алынган салыктан, сатуудан алынган салыктан жана кошумчаланган нарктан алынган салыктан. Жогорку технологиялар паркынын резиденттери салык төлөөдөгү колдонуу мөөнөтү бул бапка ылайык, Жогорку технологиялар паркынын колдонуу мөөнөтүнөн эч кандай жогорулатууга болбойт.
2. ЖТПнын резидентинин жумушчулары, ЖТПнын Резиденттери жеке жакта, анын Дирекциясы (имаратты, жайларды, жер аянттарын тейлеген жана кайтарган жумушчулардан башкасы) үчүн жеке киреше салыгынын ставкасы 5% өлчөмүндө орнотулат.
3. Эгер башкасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаса, ЖТПнын Резиденти статусунан ажыраганда, статусунан ажыратылгандыгы жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан баштап Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын жалпы негизинде жүргүзүлөт.
389-берене. Салыктык отчеттуулук
Жогорку технологиялар паркынын резиденти бул Кодекс менен аныкталган тартипте жана мөөнөттө бирдиктүү салык декларациясын жүргүзөт.".
2-берене.
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2004-ж., № 5) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. Төмөнкү мазмундагы 7-1-берене менен толукталсын:
"7-1-берене. Жогорку технологиялар паркынын резиденттери жана
алардын кызматкерлери үчүн камсыздандыруу
төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкалары
4. ЖТПнын резидентинин жумушчулары, ЖТПнын Резиденттери - жеке жактар (имаратты, жайларды, жер аянттарын тейлеген жана кайтарган жумушчулардан башкасы) жана анын дирекциясы Кыргыз Республикасындагы орточо айлык акыдан 10% өлчөмүндө милдеттүү камсыздандыруу төгүмү төлөнүшү керек болгон айдын мурунку айында төлөшөт".
2. 11-берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Жогорку технологиялар паркынын дирекциясы, ошондой эле Жогорку технологиялар паркынын Резиденттери катары катталган жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, туруктуу же убактылуу, келишим, контракт же макулдашуу менен кабыл алынган, ошондой эле бир гана жумушту аткарууга келген өзүнүн жумушчуларынын пайдасы үчүн төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнө камсыздандыруу төгүмдөрүнөн толук көлөмдө Жогорку технологиялар паркы мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан баштап 15-жыл аралыгында бошотулат"."
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
4-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|