Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 16-февралы №103
"Кыргыз Республикасынын жогорку технологиялар паркы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын жогорку технологиялар паркы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу |
А.Жапаров |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасындагы Жогорку технологиялар паркы жөнүндө
1-берене. Жалпы Жоболор
Бул Мыйзам программалык камсыздоону иштеп чыгаруунун индустриясынын өнүгүүсүнө мамлекеттик колдоолордун укуктук негизин, ошондой эле Жогорку Технологиялар Паркынын иштешин, анын башкаруу органдарын, Резиденттерин, Жогорку Технологиялар Паркынын режиминин калыптануусунун негизги принциптерин, анын ичинде Резиденттерге салык салуунун негизги принциптерин аныктайт.
2-берене. Бул Мыйзамда колдонулуучу түшүнүктөр жана аныктамалар
Кыргыз Республикасынын жогорку технологиялар паркы (мындан ары ЖТП) - ЖТПнын Резиденттери болуп эсептелген жана өзүнүн ишмердигин бул мыйзамдын 4-беренесине ылайык жүзөгө ашырган юридикалык жактар жана жеке ишкерлер үчүн зона.
ЖТП режими - ЖТПнын резиденттери жаатында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздандыруу взностору боюнча салыктардан жана жеңилдиктерден бошотууну белгилеген, бул Мыйзамдын 4-беренесинде саналып өткөн ЖТПнын ишмердигинин түрлөрүн жүзөгө ашырган шартта ЖТП түзүлгөн учурдан баштап 15 жыл аралыгында колдонулуучу атайын укуктуу, салык режими.
ЖТП Резиденти - бул мыйзам жана башка актылары тарабынан бекитилген жана анда каралган тартипте, резидент катары катталган юридикалык же жеке ишкер.
Интерактивдүү сервистик борбор (call-борбор) - АТСтин базасында комплекстүү аппараттарды жана программалык каражаттарды колдонуу менен реалдуу режимде телефондук чакыруулар менен башкаруу боюнча ишмердиктин бир түрү.
Программалык продукттарды өндүрүүчүлөрдүн кесиптик бирикмеси программалык продукттарды иштеп чыгаруучулардын жана өндүрүүчүлөрдүн таламын көздөгөн коомдук бирикме.
3-берене. ЖТПнын негизги милдеттери
ЖТПнын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- программалык камсыздоону, маалыматтык жана башка жаңы жогорку технологияларды иштеп чыгаруунун ата мекендик индустриясын өнүктүрүү, ошондой эле интерактивдик сервистик борборлор (call-борборлор) кызматын көрсөтүү;
- ата мекендик илим сыйымдуу бизнести мамлекеттик колдоодо комплекстүү системаны түзүү;
- ата мекендик жана эл аралык рынокто компаниялардын илимий-техникалык ишмердиктеринин жыйынтыктарын илгерилетүү, программалык камсыздоону жана маалыматтык технологиялар жаатында кызматтарды иштеп чыгууда экспортту кеңейтүү;
- маалыматтык технологияларды иштеп чыгаруу тармагынын эл аралык өкүлдөрү үчүн ылайыктуу салыктык жана ишкердик чөйрөнү түзүү жолу менен инвестицияларды тартуу;
- маалыматтык технологиялардын ата мекендик индустриясын легализациялоо үчүн ылайыктуу чөйрөнү жана инфраструктураны түзүү;
- маалыматтык технологиялар жаатында адистердин санынын өсүшү үчүн илим жана билим берүүнү өнүктүрүүнү өбөлгөлөө;
- маалыматтык камсыздандырууну иштеп чыгууда сапаттын заманбап дүйнөлүк стандарттарын киргизүүгө түрткү берүү.
4-берене. ЖТПнын ишмердигинин түрлөрү
ЖТПнын ишмердигинин түрлөрү:
- программалык камсыздоону иштеп чыгуу, анын ичинде: маалыматтык системаларды долбоорлоо жана программалоо, анын ичинде: маалыматтык керектөөлөрдүн жана пайдалануучулардын көйгөйлөрүнүн анализи, киргизүү, долбоорлоо, жеке же/жана даяр программалык камсыздоону жеткирүү, документтештирүү, анын ичинде: конкреттүү керектөөчүлөрдүн заказдарына жооп берүүчү, пайдалануучунун көрсөтмөсү боюнча программаларды түзөтүү;
- маалыматтык технологияларды жана программалык камсыздоону экспорттоо;
- интерактивдүү сервистик борборлорду түзүү жана кызмат көрсөтүү.
5-берене. Түзүмү жана башкаруу
ЖТПнын Байкоочу Кеңеши - ЖТПнын ишмердигине башкаруу жана көзөмөлдөө иштерин жана ЖТПнын иштеринин жалпы координациясын жүзөгө ашырган жогорку коллегиялык орган.
Байкоочу Кеңеш 8 мүчөдөн турат, 3 жылга шайланат жана төмөнкү тартипте түзүлөт:
- 4 мүчөсү Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалат;
- 4 мүчөсү Программалык продукттарды өндүрүүчүлөрдүн кесиптик бирикмеси тарабынан дайындалат.
ЖТПнын Байкоочулар Кеңешинин төрагасы Байкоочулар Кеңешинин мүчөлөрүнүн ичинен Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалат. Добуштарды теңдегенде ЖТПнын Байкоочулар Кеңешинин төрагасынын добушу чечүүчү добуш болуп эсептелет.
Байкоочу Кеңеш өзүнүн ишмердигин байкоочу Кеңеш тарабынан бекитилген Жобонун негизинде ишке ашырат. Байкоочу Кеңеш ЖТПнын Директорун кызмат ордуна дайындайт жана бошотот, ЖТП Дирекциясынын бюджетин бекитет, Резиденттин катталгандыгы жана статусунан ажыратылгандыгы жөнүндө чечим кабыл алат.
ЖТПнын ишмердигине түздөн-түз жетекчилик Директор башчылык кылган ЖТПнын аткаруу органы - ЖТПнын Дирекциясы тарабынан ишке ашат.
6-берене. ЖТПнын Резиденттери
ЖТПнын Резиденти катары бул Мыйзамдын 4-беренесинде саналып өткөн ишмердүүлүктүн түрлөрүн жүзөгө ашырууда 90%дан кем эмес киреше алган юридикалык жак же жеке ишкер каттала алат.
ЖТПнын Резиденти катары чет өлкөлүк уюмдар да каттала алышат.
ЖТПнын Резидентинин каттоо тартиби, статусу, статусунан ажыроосу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
ЖТПнын Резиденти катары катталгысы келген юридикалык жак же жеке ишкер Байкоочулар Кеңеши тарабынан бекитилген форма боюнча арыз берет.
Өзүнүн Уставына ылайык ишмердиктин негизги түрү катары бул Мыйзамдын 4-беренесинде көрсөтүлгөн ишмердиктин бир же бир нече түрүнө ээ болгон, ЖТПнын Дирекциясынын ыйгарым укуктуу башкаруу органынан тиешелүү келишимдерди алган Юридикалык жак же жеке ишкер Резидент катары катталган күндөн тартып алты ай мөөнөтүндө алгачкылардан болуп катталат. Алгачкы каттоо Күбөлүк менен күбөлөнөт.
Алгачкы катталган күндөн тартып алты ай мөөнөтү өткөнчө Резидент ЖТПнын Байкоочу Кеңеши тарабынан белгиленген форма боюнча отчет берет. Резидент алгачкы катталган мөөнөт ичинде 4-беренеде аныкталган ишмердүүлүктүн түрлөрүн жүзөгө ашырып жаткандыгы ЖТП Дирекция башкармалыгынын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан белгиленген учурда Резидент катары акыркы жолу каттоодон өтөт жана ал жөнүндө маалыматтар ЖТПнын бирдиктүү реестрине киргизилет. Акыркы каттоо мөөнөтсүз жана Күбөлүк менен күбөлөнөт.
ЖТПнын Резиденттерине болгон мамиледе Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Резидент өзүнүн ишмердигин Кыргыз Республикасынын территориясында жүзөгө ашырган шартта, жайгашкан жерине же/жана юридикалык катталган дарегине карабастан бул Мыйзамга каршы келбеген учурларда колдонулат.
ЖТПнын ишмердигинен айырмаланган ишмердиктин түрлөрү менен ЖТПнын Резиденти аракеттенип жаткандыгы билинген учурда, эгер ал бул Берененин биринчи бөлүмүндө аныкталган шарттардын бузулушуна алып келген болсо, Резиденттин алгачкы катталышы алып салынат жана юридикалык жак же жеке ишкер жалпы негизде, анын ичинен алгачкы катталган мезгил үчүн салык төлөйт.
Резиденттин ЖТПнын ишмердигинен айырмаланган ишмердиктин түрү менен аракеттенип жаткандыгы билинген учурда, эгер ал бул Берененин биринчи бөлүмүндө аныкталган шарттардын бузулушуна алып келген болсо статусунан ажырашы мүмкүн же бул Мыйзамдын 7-беренесине ылайык ар бир кварталдык чегеримдерден баш тартса, ал Резиденттик статусунан ажырайт. ЖТПнын Резидентинин катталуусу бул Мыйзамдын 4-беренесине каршы келген ишмердүүлүк менен аракеттенип жаткандыгы билинген учурдан тартып Байкоочу Кеңеш тарабынан алып салынат.
Резиденттин статусунан ажырагандыгы жөнүндө чечим, ошондой эле Резиденттин алгачкы катталышынын алып салынышы жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даттанылышы мүмкүн.
ЖТПнын Резидентинин статусунан ажыратылышы ЖТПнын Резидентинин арызынын негизинде да ишке ашат.
ЖТПнын Резиденттеринин эмгектик катнаштары Кыргыз Республикасынын эмгек тууралу мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күчүнө кирген Эмгектин эл аралык уюмдарынын конвенциялары тарабынан аныкталат.
Көрсөткөн кызматтары жана товарлары үчүн өз ара эсептешкенде ЖТПнын Резиденти акысыз эсептешүүлөрдү колдонот.
Акыркы каттоодон өткөндөн кийин бир жылдын ичинде 80%дан кем эмес товарлар жана кызматтар экспортко жөнөтүлүшү керек же/жана товарлардын жана кызматтардын экспорттолушунун жыйынтыгында 80%дан кем эмес киреше тапшырылышы керек.
ЖТПнын Резидентинин жана ЖТПнын Дирекциясынын укук мамилелеринин негизи түзүлгөн Келишим менен аныкталат.
7-берене. ЖТПнын Дирекциясынын ишмердүүлүгү
ЖТПнын иштөөсүн эффективдүү камсыздоо максатында ЖТП Дирекциясынын бюджети түзүлөт.
ЖТП Дирекциясынын ишмердүүлүгүн каржылоо ЖТПнын Резиденттеринин кварталдык чегеримдердин эсебинен жүргүзүлөт, ал алар тарабынан ишке ашкан ишмердүүлүктүн түрлөрүнүн натыйжасында мурунку кварталда алынган пайданын бир пайызы көлөмүндө болмокчу; жана башка Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан тыюу салынбаган кирешелердин жана түшкөн пайдалардын эсебинен жүргүзүлөт.
ЖТПнын дирекциясына ЖТПнын режиминин аракеттери жайылтылат.
8-берене. ЖТПнын режими
ЖТПнын Резиденттери үчүн Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары тарабынан аныкталган өзгөчө салык режими колдонулат. ЖТПнын Резиденттери орнотулган тартипте Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандырууга тийиштүү.
9-берене. ЖТП тууралу Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
ЖТПнын ишкердүүлүгүнө жана ЖТПнын резиденттерин каттоого байланыштуу келип чыккан мамилелер ушул Мыйзам, салык мыйзамы жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары тарабынан орнотулган тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат.
Эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан орнотулган тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер тарабынан бул Мыйзамда каралбаган башка эрежелер орнотулса, анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.
10-берене. Бул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Бул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Бул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып алты ай мөөнөтүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) бул Мыйзамга ылайык өзүнүн чечимдерин чыгарсын;
2) бул Мыйзамдан келип чыккан ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышын камсыздасын.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү жөнүндө сунуш киргизсин.