Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-февралындагы №76 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 16-февралы №104
"Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстар министри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу |
А.Жапаров |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-статья.
"Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 2002-жылдын 15-марты, № 38,) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
Мыйзамдын преамбуласы "сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары)" деген сөздөрдөн кийин "жана алардын федерациялары" деген сөздөр менен толукталсын;
- 1-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1-статья. Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары)
жана алардын федерациялары жөнүндө мыйзамдар
Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана алардын федерациялары жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинен, Кыргыз Республикасынын Суу кодексинен, ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларынан турат";
- 2-статьяда:
биринчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Сууну пайдалануучулардын бирикмеси (ассоциациясы) (мындан ары СПА) - айыл чарбалык товар өндүрүүчүлөрдү суу менен камсыздоо үчүн сугат системасын эксплуатациялоо жана күтүү максатында түзүлгөн коммерциялык эмес уюм";
үчүнчү бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Тейлөө зонасы - СПА же СПАФ тейлөөчү тийиштүү географиялык аймак";
алтынчы бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Суу берүүчү - мамлекеттик суу чарба уюмунун сугат системасын эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө үчүн жооптуу жана сууну берүү боюнча келишимдин негизинде сууну пайдалануучулар ассоциацияларына же башка жактарга берүү үчүн сууну чыгарып жана жеткирип туруучу аймактык органы же башка юридикалык жак.";
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:
Суу пайдалануучулардын ассоциацияларынын федерациялары (мындан ары - СПАФ) - эки же андан көп СПАнын тийиштүү ирригациялык жана дренаждык системаларды биргелешип башкаруу, эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө боюнча кызыкчылыктарын камсыздоо жана иштерин координациялоо үчүн түзүлгөн коммерциялык эмес уюмдун өзгөчө уюштуруу-укуктук формасы.";
- Мыйзамдын бүткүл текстиндеги "сууну берип туруучу" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү "суу берүүчү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-статьяда:
Экинчи бөлүгүнүн бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- суу берүүгө контракттын негизинде суу берүүчүдөн сугат сууну алуу же алынган лицензияга ылайык сууну табигый суу объектилеринен (дарыялардан, көлдөрдөн жана жер астындагы булактардан) өз алдынча алуу жана СПА тейлеген зонанын ичинде суунун пайдаланылышын жана бөлүштүрүлүшүн жөнгө салуу;";
экинчи бөлүгүнүн жетинчи абзацындагы "сууну жеткирүүнү башкаруу жана" деген сөздөр алып салынсын;
- 5-статьянын жетинчи бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"ушул Мыйзамдын же Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларынын жоболоруна ылайык келбесе";
- 6-статьяда:
- биринчи бөлүгүндөгү "Юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө" деген сөздөр "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
статья төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи бөлүк менен толукталсын:
"СПАны өзгөртүп уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана СПАнын уставында белгиленген тартипте ишке ашырылат.";
6-статьянын экинчи бөлүгү күчүн жоготту деп эсептелсин;
- 16-статьянын 1-бөлүгүндө:
бешинчи абзац төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"- СПАнын Кеңешине макулдашуудан кийин бекитилген бюджетке жана СПА тейлеген зонадагы ирригациялык системаларды эксплуатациялоо жана күтүү боюнча иш планга ылайык контракттарды даярдоо жана СПАнын атынан түзүү;";
алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- суу берүүчү менен суу берүүнүн көлөмүн жана берүүнүн графигин макулдашуу жана аны СПАнын мүчөлөрүнүн ортосунда бөлүштүрүү";
- 17-статьянын биринчи бөлүгүндөгү "анын төрагасынын" деген сөздөр "анын төрагасынын жана СПАнын дирекциясынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 23-статьянын 2-бөлүгүндөгү "сугат фондун" деген сөздөр "сугат жана дренаж системаларын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 24-статьянын биринчи абзацы "же пайдалануучуларга" деген сөздөрдөн кийин "жыл сайын түзүлүүчү келишимдердин негизинде" деген сөздөр менен толукталсын;
- Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы IV-1 глава менен толукталсын:
"IV-1 глава
Сууну пайдалануучулардын федерациялары
26-1-статья. СПАФтын максаттары жана милдеттери
1. Сууну пайдалануучулардын федерациясы эки же андан көп СПАнын мыйзамда белгиленген тартипте өткөрүп берилген чарба аралык сугат жана дренаж системаларын биргелешип башкаруу, эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө боюнча кызыкчылыктарын камсыздоо жана иштерин координациялоо максатында коммерциялык эмес уюм катары ушул Мыйзамга ылайык түзүлөт.
2. СПАФтын негизги милдеттери:
- СПАФ тейлеген зонада сууну пайдалануунун шарттарын жөнгө салуу;
- СПАФтын курамына кирген СПАлардын суу чарбалык иштерин координациялоо;
- СПАФ тейлеген зонада сугат системаларын жана ага байланыштуу инфраструктураларды эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө;
- табигый суу объектилеринен сууну белгиленген тартипте алуу;
- СПАФтын курамына кирген СПАларга сугат сууну берүү жана бөлүштүрүү;
- ирригациялык системаларда курулуш жана оңдоо жумуштарын жүргүзүү;
- СПАларга көрсөтүлгөн кызмат үчүн акыны, анын ичинде ирригациялык системаларды жана ага байланышкан инфраструктураны техникалык тейлөө кызматынын акысын чогултуу;
- СПАлардын суу пайдалануу боюнча талаштарын чечүү жана СПАФтын курамына кирген СПАлардын арасында сууну бөлүштүрүү;
- СПАФтын курамына кирген бардык СПАлардын кызыкчылыгын коргоо;
- Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына каршы келбеген башка милдеттер.
26-2-статья. СПАФтарды түзүү
1. СПАФтар эки же андан көп СПА тарабынан ыктыярдуу негизде уюштурулат.
2. СПАФтарга "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жалпы жоболору, ошондой эле коомдук бирикмелерди жөнгө салуучу жоболор колдонулат.
3. СПАФтардын мамлекеттик катталышы "Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ишке ашырылат.
4. СПАФтын мүчөлөрү өздөрүнүн өз алдынчалыгын жана юридикалык жак катары укуктарын сакташат.
5. СПАФтын уставында СПАФка мүчө СПАлардын талаштарын чечүү боюнча комиссия түзүү каралышы мүмкүн.
26-3-статья. СПАФтын киреше булактары
1. СПАФтардын киреше булактары - СПАФтын тейлөө зонасындагы СПАлардан сугат сууну бергендик үчүн алынчу акылар, банктагы эсептер боюнча проценттер, мамлекеттик жана башка булактардан алынган кошумчалар жана гранттар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар болушат.
2. СПАФтарга мамлекеттик сугат жана дренаждык системалардын бөлүктөрү пайдаланууга жана башкарууга өткөрүп берилиши мүмкүн.
3. Сугат жана дренаждык системаларды СПАФтарга пайдаланууга жана башкарууга өткөрүп берүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
26-4-статья. СПАФтын резервдик фонду
1. СПАФтар камсыздандыруунун резервдик фондун түзүшү жана ал үчүн өзүнчө эсеп ачууга укуктуу.
2. Камсыздандыруунун резервдик фонду СПАФтын тейлөө зонасындагы СПАлардын төлөмдөрүнүн эсебинен түзүлүшү жана сугат жана дренаждык системаларды оңдоого жана күтүлбөгөн жагдайлардын кесепеттерин жоюуга кеткен чыгымдарды жабууга гана пайдаланылышы керек.
3. Камсыздандыруунун резервдик фондунун каражаттарын пайдалануу жөнүндө чечим СПАФтын жалпы чогулушунда кабыл алынат.".
- V глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"V глава
СПАлардын жана СПАФтардын ишин
мамлекеттик жөнгө салуу
27-статья. СПАлардын жана СПАФтардын ишин мамлекеттик жөнгө салуу
СПАлардын жана СПАФтардын иштерин мамлекеттик жөнгө салуу төмөнкүдөй ишке ашырылат, алар:
- Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын кабыл алуу;
- белгиленген тартипте СПАлардын жана СПАФтардын иштерин белгиленген тартипте контролдоо;
- СПАларга жана СПАФтарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандай консультация берүү жана жардам көрсөтүү.";
- 29-статьяны төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-бөлүк менен толукталсын:
"1-1. Бул Мыйзамдын СПАФтарды мамлекеттик каттоо маселесин жөнгө салуучу нормалары башка мыйзамдардын талаптарына каршы келсе ушул Мыйзамдын жоболору колдонулат.".
2-статья
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|