Загрузка документа…
ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2010-жылдын 26-февралы №116
"Кыргыз Республикасынын Спортто допингге каршы күрөшүү жөнүндө эл аралык конвенцияга кошулушу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамь долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бириккен улуттар уюмунун Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча башкы конференциясында Париж шаарында 2005-жылдын 19-октябрында кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Спортто допингге каршы күрөшүү жөнүндө эл аралык конвенцияга кошулушу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Спортто допингге каршы күрөшүү жөнүндө эл аралык конвенцияга кошулушу тууралуу
1-берене.
Бириккен улуттар уюмунун Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча башкы конференциясында Париж шаарында 2005-жылдын 19-октябрында кабыл алынган Спортто допингге каршы күрөшүү жөнүндө эл аралык конвенцияга Кыргыз Республикасы кошулсун.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тышкы иштер министрлиги кошулуу жөнүндөгү грамотаны депозитарий болуп эсептелген Бириккен улуттар уюмунун Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча башкы директоруна депонирлесин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|