Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 2-марты №120
"Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу
1-берене.
"Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 9, 315-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 8-берененин биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Республикадагы кургак учукка каршы иш-чараларды жүргүзүү боюнча башкы мекемелер Саламаттык сактоо жана айыл чарба тармагындагы ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдар болуп саналат.".
2. 11-беренеде:
- жетинчи бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын, Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин" деген сөздөр "Коргонуу, чек ара кызматы, улуттук коопсуздук, ички иштер жана жазык-аткаруу системасынын органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- сегизинчи бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин" деген сөздөр "ички иштер жана жазык-аткаруу системасынын органдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 13-берененин экинчи бөлүгүндөгү "тиешелүү санитардык эрежелерге" деген сөздөр "нормативдик укуктук актылардын талаптарына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 16-берененин экинчи абзацы алып салынсын.
5. 17-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"17-берене. Жарандардын жоопкерчилиги
Жарандар бул мыйзамдын талаптарын аткарбаган учурда Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык администрациялык жоопкерчилик тартышат.
Кургак учук менен ооругандар, анын ичинде кургак учуктун жугуштуу формалары менен ооруган жана дарылоого муктаж адамдар стационардык дарылоодон качкандыгы жана инфекцияны таратуу коркунучу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык жоопкерчилигине тартылышат.
Дарылоодон жана мыйзамдарда белгиленген санитардык-гигиеналык талаптарды сактоодон кыянаттык менен качкан кургак учук менен ооруган оорулуулар соттун чечими боюнча кургак учукка каршы атайын түзүлгөн дарылоо мекемелеринде мажбурлап госпиталдаштырууга.".
6. 24-беренеде:
- биринчи бөлүк "эл аралык келишимдердин" деген сөздөрдөн мурда "мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган" деген сөздөр менен толукталсын;
- экинчи бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде" деген сөздөр "мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы мүчө болуп саналган эл аралык келишимдеринде" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. Долбоордун бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги" деген сөздөр ар кандай жөндөмөдөгү "саламаттык сактоо жагындагы ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Бул мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|