Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2011-жылдын 4-ноябрындагы № 702 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 2-марты №121
"Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда айыл чарба министри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | Д.Үсөнов |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу
1-берене.
"Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1996-ж., № 7, 93-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизилсин:
1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча "Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик кызмат" деген сөздөр "Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 1-беренеде:
- биринчи бөлүктөгү "Мыйзамга ылайык кабыл алынган башка мыйзам жана нормативдик актылардан" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылардан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- экинчи бөлүк күчүн жоготту деп табылсын.
3. 8-беренеде:
- экинчи бөлүктөгү "жана өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик кызматтын Уставы" деген сөздөр алып салынсын;
- үчүнчү бөлүк күчүн жоготту деп табылсын.
4. 10-беренеде:
- төртүнчү абзацтын биринчи бөлүгүндөгү "көзөмөлдөө" деген сөз "контролдоо" деген сөзгө алмаштырылсын;
- биринчи бөлүктүн он экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын.
5. 12-беренедеги "жана айыптарды төлөөдөн" деген сөздөр алып салынсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|