Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 2-марты №123
"Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен мыйзам долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
3. Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министри ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 1, 1-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 64-беренеде:
- 1-пунктунун экинчи абзацындагы "үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдөр баланын кызыкчылыктарын эске алып, баланын ысымын өзгөртүүгө, ошондой эле ыйгарылган фамилияны башка ата-эненин фамилиясына которууга уруксат бергенге укуктуу" деген сөздөр "жарандык абалдын актыларын жазуу органы балага ыйгарылган атын, атасынын атын, фамилиясын башка атасынын фамилиясына которууга укуктуу" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 130-берененин 2-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
- "Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга балдарды асырап алууга берүү, ошондой эле бала асырап алуучулардын үй-бүлөлөрүндө балдардын жашоо жана тарбиялануу шарттарын контролдоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
3. 131-берененин 2-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп эсептелсин.
4. 132-берененин 2-пунктунда:
- биринчи абзацтагы "же өз ара жардамдашуу принцибинин негизинде" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- экинчи абзацтагы "Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги" деген сөздөр "тышкы иштер чөйрөсүндөгү жана балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 172-берененин 1-пунктунда:
- биринчи абзацындагы "асырап алуучулардын биринин же ишенимдүү адамдын катышуусу менен" деген сөздөр "асырап алуучулардын экөөнүн же бирөөнүн, ошондой эле прокурордун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- "бала асырап алуу жаатындагы мамлекеттер аралык кызматташтык жөнүндө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик укуктук актыларын үч айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|