Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 2-марты №124
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы № 708 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Коммерциялык юридикалык жактарды, алардын өкүлчүлүктөрүн, филиалдарын жана алардын ишинин токтошун үзгүлтүксүз каттоону (кайра каттоону) камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы № 708 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жөнүндө" токтомуна төмөнкү толуктоолор киргизилсин:
- 2-пункттун сегизинчи абзацы "ишкердикти" деген сөздөн кийин "2010-жылдын 1-июлунан баштап" деген сөздөр жана сандар менен толукталсын;";
- төмөнкү мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:
"3-1. Коммерциялык юридикалык жактарды, алардын өкүлчүлүктөрүн, филиалдарын жана алардын ишинин токтошун каттоо (кайра каттоо) боюнча функцияларды 2010-жылдын 1-июлуна чейин Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги аткара тургандыгы белгиленсин.".
2. Бул токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |