Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 2-марты № 125
Ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын түзүү жана пайдалануу тартиби тууралуу
Ата-энелеринин камкордугусуз калган балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында, Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын түзүү жана пайдалануу тартиби тууралуу тиркелген жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин алдындагы Балдарды коргоо боюнча департамент ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын түзүүнү үч айлык мөөнөттө жүргүзсүн жана аны андан ары жүргүзүү жана пайдалануу боюнча чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, шаарлардын мэриялары ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө маалыматты жыйноону жана аны ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин алдындагы Балдарды коргоо боюнча департаментке берүүнү камсыз кылышсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Эмгек ишке орноштуруу жана миграция министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 2-марты № 125
Ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын түзүү жана пайдалануу тартиби тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги №169 токтомунун редакциясына ылайык)
Ата-энелеринин камкордугусуз калган балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында, Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын түзүү жана пайдалануу тартиби тууралуу тиркелген жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын түзүүнү үч айлык мөөнөттө жүргүзсүн жана аны андан ары жүргүзүү жана пайдалануу боюнча чараларды көрсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги №169 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, шаарлардын мэриялары ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө маалыматты жыйноону жана аны ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигине берүүнү камсыз кылышсын.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги №169 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигине жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги №169 токтомунун редакциясына ылайык)
Премьер-министр | Д.Үсөнов |