Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 5-марты № 127
Кыргыз Республикасында электр энергиясын чектөөнү токтотуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү министрликтер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын отун-энергетика комплексинин мекемелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-майындагы № 279 "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2009/2010-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жана Токтогул суу сактагычында суунун керектүү көлөмүн топтоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна ылайык иштелип чыккан баардык пландаштырылган иш-чараларын аткарылганын белгилейт.
2009-жылы Токтогул суу сактагычындагы суунун балансысын жакшыруусу байкалууда. Суу сактагычка 2009-жылы суунун келиши 14,3 млрд. куб.м, суунун сарпталышы 11 млрд. куб.м түздү.
Токтогул суу сактагычына суунун келишинин көбөйүүсүнүн жана Кыргызгидрометтин Токтогул суу сактагычына куюлуучу суулардын пайда болуучу жайларында абадан түшкөн суу пайда кылуучу заттардын белгиленген нормадан көбүрөөк жаашын эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-майындагы № 279 "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2009/2010-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жана Токтогул суу сактагычында суунун керектүү көлөмүн топтоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун 2-пунктунун экинчи абзацы жана электр энергиясынын пайдалануу лимиттерин сактоо боюнча 2-10-тиркемесин аткарылышы күчүн жоготту деп эсептелинсин.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги, "Электр станциялар", "Кыргызстандын улуттук электр тармактары", "Түндүкэлектр", "Чыгышкэлектр", "Ошэлектр", "Жалалабатэлектр" ачык акционердик коомдору:
- 2010-жылдын 8-мартынан баштап Кыргыз Республикасынын бардык региондорунда электр энергиясын чектөөнү токтотушсун;
- керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо жана энергия ресурстарын натыйжалуу пайдалануу менен отун-энергетика комплексинин ишенимдүү жана туруктуу иштешин камсыздашсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |