Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 31-декабрындагы № 859
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 5-марты № 131
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-февралындагы
№ 39 "Иши өзгөчө мүнөздөгү кызматкерлердин категорияларынын
тизмесин жана алардын иш убактыларынын узактыгын бекитүү
жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-февралындагы № 39 "Иши өзгөчө мүнөздөгү кызматкерлердин категорияларынын тизмесин жана алардын иш убактыларынын узактыгын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Иши өзгөчө мүнөздөгү кызматкерлердин категорияларынын тизмесинде:
- 8.0-бөлүмдүн аталышы жана 8.1 жана 8.2-пункттары "психикалык" деген сөздөн мурда "кургак учук жана" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |