Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-майындагы № 282 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 9-марты №136
Автотранспорт каражаттары үчүн каттоочу номердик белгилердин наркын белгилөө жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-беренесине ылайык, ошондой эле автотранспорт каражаттары үчүн автоээлерин каттоочу номердик белгилер менен камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каттоочу номердик белгилердин баасы бир даана үчүн КНСти эсепке албаганда төлөө күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында төмөнкүлөргө эквиваленттүү өлчөмдө аныкталсын:
- 5,81 евро (беш евро 81 евроцент) - Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактары үчүн;
- 27,66 евро (жыйырма жети евро 66 евроцент) - Кыргыз Республикасынын аймагындагы дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрү, ошондой эле БУУ тутумдарынын өкүлчүлүктөрү үчүн.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги 2007-жылдын 18-сентябрында түзүлгөн "Автотранспорт каражаттары үчүн каттоочу номердик белгилерди өндүрүү жана берүү" жөнүндөгү келишимине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча зарыл чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |