Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 9-марты №138
"Екатеринбург шаарында 2009-жылдын 16-июнунда кол коюлган, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин террорго каршы түзүмдөрү үчүн кадрларды даярдоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому
Екатеринбург шаарында 2009-жылдын 16-июнунда кол коюлган, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин террорго каршы түзүмдөрү үчүн кадрларды даярдоо жөнүндө макулдашуунун 25-беренесине ылайык ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Екатеринбург шаарында 2009-жылдын 16-июнунда кол коюлган, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин террорго каршы түзүмдөрү үчүн кадрларды даярдоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | Д.Үсөнов |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Екатеринбург шаарында 2009-жылдын 16-июнунда кол коюлган, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин террорго каршы түзүмдөрү үчүн кадрларды даярдоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Екатеринбург шаарында 2009-жылдын 16-июнунда кол коюлган, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин террорго каршы түзүмдөрү үчүн кадрларды даярдоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Аталган Макулдашуунун 23-беренесин аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы аны ишке ашыруу боюнча компетенттик орган болуп аныкталсын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жана аны ишке ашыруу үчүн жооптуу компетенттик орган жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгын кабарласын.
4-берене.
Бул Мыйзам кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|