Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 9-марты №140
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №767 токтомунун редакциясына ылайык)
Мамлекеттик менчикти натыйжалуу башкаруу жана муниципалдык менчикке берилүүчү объекттердин тизмесин тартипке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 16-декабрындагы № 827 "Объекттерди муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 7-тиркемеси "Нарын шаарынын муниципалдык менчигине берилүүчү объекттердин тизмеси" төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:
"
№ 87 кесиптик лицейдин имараты | 1 | 247800 |
".
2. (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №767 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигине жүктөлсүн.
Премьер-министри | Д.Үсөнов |