Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 9-марты №140
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Мамлекеттик менчикти натыйжалуу башкаруу жана муниципалдык менчикке берилүүчү объекттердин тизмесин тартипке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 16-декабрындагы № 827 "Объекттерди муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 7-тиркемеси "Нарын шаарынын муниципалдык менчигине берилүүчү объекттердин тизмеси" төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:
"
№ 87 кесиптик лицейдин имараты | 1 | 247800 |
".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы № 12 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-октябрындагы № 668 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 3-пункттун экинчи абзацындагы "алтынчы" деген сөз "жетинчи" деген сөз менен алмаштырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 9-марты №140
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №767 токтомунун редакциясына ылайык)
Мамлекеттик менчикти натыйжалуу башкаруу жана муниципалдык менчикке берилүүчү объекттердин тизмесин тартипке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 16-декабрындагы № 827 "Объекттерди муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 7-тиркемеси "Нарын шаарынын муниципалдык менчигине берилүүчү объекттердин тизмеси" төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:
"
№ 87 кесиптик лицейдин имараты | 1 | 247800 |
".
2. (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №767 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигине жүктөлсүн.
Премьер-министри | Д.Үсөнов |