Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 16-марты № 155
Түштүк Чоң Чүй каналынын комплексинин бөлүгүн өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлиги менен бирдикте Түштүк Чоң Чүй каналынын комплексинин Каралаев жана Юнусалиев көчөлөрү менен чектелген бөлүгүн (нугу, суу чыгаргычтар, тосмо арматуралар, жамгырдын суусу келгичтер ж.б.) Бишкек шаарынын мэриясына акысыз убактылуу пайдаланууга өткөрүп берсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясына Түштүк Чоң Чүй каналынын комплексинин бөлүгүн реконструкциялоо менен белгиленген тартипте эс алуу зонасын долбоорлоого жана уюштурууга уруксат берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигине жана Бишкек шаарынын мэриясына тапшырылсын.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |