Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 19-марты №161
Санкт-Петербург шаарында 2009-жылдын 11-декабрында кол коюлган, Евразия экономикалык шериктештигине мүчө мамлекеттердин билим берүү тармагында кызматташуусу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу
Санкт-Петербург шаарында 2009-жылдын 11-декабрында кол коюлган, Евразия экономикалык шериктештигине мүчө мамлекеттердин билим берүү тармагында кызматташуусу жөнүндө макулдашуунун 10-беренесине ылайык мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Санкт-Петербург шаарында 2009-жылдын 11-декабрында кол коюлган, Евразия экономикалык шериктештигине мүчө мамлекеттердин билим берүү тармагында кызматташуусу жөнүндө макулдашуу бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө Евразия экономикалык шериктештигинин Интеграциялык комитетине кабарласын.
3. Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу болуп Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги аныкталсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |