Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 19-марты №162
"Улан-Чи" жоопкерчилиги чектелген коомуна жерлерди берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык комиссия менен макулдашылган, Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айыл округунун Кызыл-Тал участогундагы 20,0 га жайыт жерин, анын ичинен: 2,0 га - кирпич заводун куруу үчүн 49 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга; 2,0 га - таш майдалоочу цех куруу үчүн 49 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга; 3,0 га - кум-шагыл аралашмасын иштетүү үчүн 2009-жылдын 23-апрелиндеги № 2209 лицензиясынын иштөө мөөнөтүнө чейин убактылуу пайдаланууга; 13,0 га - топурак (кирпич сырьесу) иштетүү үчүн 2009-жылдын 23-апрелиндеги № 2208 лицензиянын иштөө мөөнөтүнө, "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу жана "Улан-Чи" жоопкерчилиги чектелген коомуна берүү жөнүндө сунушу кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- жерди эсепке алуу документтерине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- "Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн алып коюуга байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын убактылуу нормативдерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы № 66 токтому менен белгиленген нормативдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруунун наркынын суммасынын "Улан-Чи" жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан төлөөнү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айыл округу менен "Улан-Чи" жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда жер участокко ижара келишиминин түзүүнү;
- долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгууну жана колдонуудагы нормаларга жана эрежелерге ылайык макулдашууну жана экспертизалоону.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д.Үсөнов
|