Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 25-марты №169
"Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлору тууралу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзам долбоорлору жактырылсын:
- "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу";
- "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө";
- "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө".
2. Аталган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, Кыргыз Республикасынын юстиция министри жана Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалсын.
4. Кыргыз Республикасынын ички иштер министри жана Кыргыз Республикасынын юстиция министри "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Д.Усөнов |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-ж.,№ 2, 77-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 378-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"378-берене. Ок атуучу куралдарды жана аларга ок-дарыларды
сактоо же ташуу эрежелеринин бузулушу
Жылмакай сайлуу аңчылык жана кесилген сайлуу ок атуучу куралдарды жана аларга ок-дарыларды, ошондой эле денеге жаракат келтире турган ок менен атууга ылайыкташтырылган газ жана жылмакай сайлуу, анын ичинде, ок кутусуна 10дон ашык ок баткан сыйымдуулуктагы ок атуучу куралдарды сактоо же ташуу эрежелеринин ички иштер органдарынын уруксатына ээ граждандар тарабынан бузулушу -
эскертүү берилишине же ошол эле мезгилде аныкталган мыйзам бузуулар жоюлганга чейин куралды жана ок-дарыларды алып коюу менен эсептик көрсөткүчтөрдүн бирден үчүнө чейинки администрациялык айып салынышына алып барат.
Ушул берененин биринчи бөлүгүндө каралган жана администрациялык жаза чаралары көрүлгөндөн кийин бир жыл ичинде кайталанып жасалган ошондой эле жосун -
ошол эле мезгилде аныкталган мыйзам бузуулар жоюлганга чейин куралды жана ок-дарыларды алып коюу менен эсептик көрсөткүчтөрдүн үчтөн бешине чейинки администрациялык айып салынышына алып барат.
Сыйлыкка берилген куралды жана аларга ок-дарыларды сактоо же ташуу эрежелеринин тиешелүү тартипте курал менен сыйланган жана ички иштер органдарынын уруксатына ээ граждандар тарабынан бузулушу -
эскертүү берилишине же ошол эле мезгилде аныкталган мыйзам бузуулар жоюлганга чейин куралды жана ок-дарыларды алып коюу менен эсептик көрсөткүчтөрдүн бирден үчүнө чейинки администрациялык айып салынышына алып барат.
Ушул берененин үчүнчү бөлүгүндө каралган жана администрациялык жаза чаралары көрүлгөндөн кийин бир жыл ичинде кайталанып жасалган ошондой эле жосун -
ошол эле мезгилде аныкталган мыйзам бузуулар жоюлганга чейин куралды жана ок-дарыларды алып коюу менен эсептик көрсөткүчтөрдүн үчтөн бешине чейинки администрациялык айып салынышына алып барат.
Ок атуучу куралдарды жана аларга ок-дарыларды сактоо же ташуу эрежелеринин ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын алардын сакталышы үчүн жооптуу кызматкерлери тарабынан бузулушу, ошондой эле алар тарабынан ок атуучу куралдардын жана ок-дарылардын дайынсыз пайдаланылышы -
эсептик көрсөткүчтөрдүн үчтөн бешине чейинки администрациялык айып салынышына алып барат.
Ушул берененин бешинчи бөлүгүндө каралган жана администрациялык жаза чаралары көрүлгөндөн кийин бир жыл ичинде кайталанып жасалган ошондой эле жосундар -
эсептик көрсөткүчтөрдүн бештен жетисине чейинки администрациялык айып салынышына алып барат."
2. 379-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"379-берене. Ок атуучу куралдарды каттоо (кайра каттоо)
мөөнөттөрүн же аларды эсепке коюу эрежелерин, ошондой
эле кесилген сайлуу куралдын атылуу мөөнөттөрүн бузуу
Ок атуучу куралдарды каттоонун (кайра каттоонун) көрсөтүлгөн мөөнөттөрүнүн же жашаган жери өзгөргөн учурда ички иштер органдарында эсепке коюу эрежелеринин граждандар тарабынан бузулушу -
эсептик көрсөткүчтөрдүн экисине чейинки администрациялык айып салынышына алып барат.
Кесилген сайлуу куралдын, анын ичинде, сыйлыкка берилген куралдын көрсөтүлгөн атуу мөөнөтүн бузуу -
эскертүү берилишине же ошол эле мезгилде куралды анын кандай атылганын көрүү үчүн алып коюу аркылуу эсептик көрсөткүчтүн бирине чейинки администрациялык айып салынышына алып барат.".
3. 390-берененин биринчи абзацы "Кыргыз Республикасында болуу тартибин бузуу, башкача айтканда" деген сөздөрдөн кийин "республиканын аймагында ага кирүүдө билдирилген максатка ылайык келбегендей болуу" деген сөздөр менен толукталсын.
4. 391-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"391-берене. Чет өлкөлүк граждандарды жана граждандыгы жок
адамдарды чакыруунун жана алардын болуусунун
көрсөтүлгөн тартибинин Кыргыз Республикасынын
граждандары жана кызмат адамдары тарабынан бузулушу
Кыргыз Республикасынын граждандары тарабынан чет өлкөлүк граждандарга жана граждандыгы жок адамдарга турак жайды, транспорт каражаттарын чет өлкөлүк граждандардын жана граждандыгы жок адамдардын болуу тартибин жана транзиттик жүрүү эрежелерин бузуу менен берүү -
эсептик көрсөткүчтөрдүн онунан он бешине чейинки администрациялык айып салынышына алып барат.
Ушул берененин биринчи бөлүгүндө каралган жана администрациялык жаза чаралары көрүлгөндөн кийин бир жыл ичинде кайталанып жасалган ошондой эле жосундар -
эсептик көрсөткүчтөрдүн он бешинен жыйырмага чейинки администрациялык айып салынышына же 10 күнгө чейинки мөөнөттө администрациялык камоого алып барат.
Кызмат адамдары тарабынан чет өлкөлүк граждандарды жана граждандыгы жок адамдарды алардын республиканын аймагына киришинин жана болушунун анык жүйөлөрүнө төп келбеген максаттарда чакырылышы -
эсептик көрсөткүчтөрдүн отузунан кыркына чейинки администрациялык айып салынышына же 10 күнгө чейинки мөөнөттө администрациялык камоого алып барат.
Ушул берененин үчүнчү бөлүгүндө каралган жана администрациялык жаза чаралары көрүлгөндөн кийин бир жыл ичинде кайталанып жасалган ошондой эле жосундар -
эсептик көрсөткүчтөрдүн кыркынан алтымышына чейинки администрациялык айып салынышына же кызмат адамын ээлеген кызматынан бошотуу менен 10 күндөн 15 күнгө чейинки мөөнөттө администрациялык камоого алып барат.
Чет элдик граждандарды жана граждандыгы жок адамдарды кабыл алышкан уюмдардын кызмат адамдары тарабынан ушундай адамдар үчүн эмгектенүүгө жана башка ишти иштөөгө, жашоого, жер которууга жана жашаган жерин өзгөртүүгө укук берген документтерди каттоонун жана тариздөөнүн, ошондой эле алардын өлкөдө болуусунун белгиленген мөөнөтү бүткөндөн кийин өз убагында чыгаруу тартибинин бузулушу -
эсептик көрсөткүчтөрдүн кыркынан алтымышына чейинки администрациялык айып салынышына же 10 күндөн 15 күнгө чейинки мөөнөттө администрациялык камоого алып барат.
Ушул берененин бешинчи бөлүгүндө каралган жана администрациялык жаза чаралары көрүлгөндөн кийин бир жыл ичинде кайталанып жасалган ошондой эле жосундар -
эсептик көрсөткүчтөрдүн алтымыштан жүзгө чейин администрациялык айып салынышына же кызмат адамын ээлеген кызматынан бошотуу менен 15 күн мөөнөтүндө администрациялык камоого алып барат.".
5. 400-1-беренесинин биринчи бөлүгүндө:
- биринчи абзацтагы ", анын ичинде көзөмөлдүк жана контролдук иш-милдеттерди" деген сөздөр алып салынсын;
", Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына каршы келген" деген сөздөр алып салынсын;
- үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
- "- күчүн жоготкон, сот тарабынан жараксыз деп табылган, тиешелүү тартипте жарыяланбаган же иштеши ыйгарым укуктуу органдар тарабынан токтотулган ченемдик укуктук актылардын кызмат адамдары аркылуу мыйзамсыз колдонулушу;".
6. 402-беренедеги "он" деген сөз "жүз" деген сөз менен алмаштырылсын.
7. 29-бап:
- төмөнкүдөй мазмундагы 402-1-берене менен толукталсын:
"402-1-берене. Юридикалык жактардын, филиалдардын
(өкүлчүлүктөрдүн) Тизмесине киргизүү үчүн
маалыматтарды бербөө же өз убагында бербөө,
ошондой эле такталбаган туура эмес маалыматтарды
берүү
Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) Тизмесине киргизүү үчүн маалыматтарды бербөө же өз убагында бербөө -
кызмат адамдарына эсептик көрсөткүчтөрдүн отуздан кыркына чейинки администрациялык айып салынышына алып барат.
Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) Тизмесине киргизүү үчүн такталбаган туура эмес маалыматтарды берүү -
кызмат адамдарына эсептик көрсөткүчтөрдүн кырктан алтымышына чейинки администрациялык айып салынышына алып барат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 408-1- жана 408-2-беренелер менен толукталсын:
"408-1-берене. Статистикалык байкоолорго катышуудан качуу
Статистикалык байкоолорго (калкты социалдык-демографиялык текшерүүлөргө, калкты жана турак жай фондун каттоого) катышуудан качуу -
Граждандарга эсептик көрсөткүчтөрдүн үчтөн онуна чейинки, кызмат адамдарына ондон он бешине чейинки администрациялык айып салынышына алып барат.
408-2-берене. Статистикалык маалыматтын жашыруун келгендигин
бузуу
Статистикалык байкоолордун (калкты социалдык-демографиялык текшерүүлөрдүн, калкты жана турак жай фондун каттоонун) жүрүшүндө алынган статистикалык маалыматтын жашыруун келгендигин бузуу -
кызмат адамдарына эсептик көрсөткүчтөрдүн элүүдөн жүзүнө чейинки администрациялык айып салынышына алып барат.".
8. 513-беренеде:
- биринчи абзацтагы "395-статьясынын 1-пунктчасында," деген сөздөр алып салынсын;
- төртүнчү абзацтагы "395-статьянын 1-пунктчасы, 402-статья" деген сөздөр "402- жана 402-1-статьялар" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Бул Мыйзам жарыяланган учурдан баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
ыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1998-ж.,№7, 229-б.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
1. 17-глава төмөнкүдөй мазмундагы 125-1-берене менен толукталсын:
"125-1-берене. Адам эмгегин мажбурлоо менен пайдалануу (кул
эмгеги)
(1) Адам ага карата менчик укугуна таандык аракеттердин колдонулушунан улам өзүнө көз каранды болбогон себептер боюнча баш тарта албаган иштерди (кызматтарды) аткаруу үчүн адам эмгегин мажбурлоо менен пайдалануу -
үч жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратууга жазаланат.
(2) Төмөнкүдөй жасалган ошондой эле жосун:
1) бир же андан көп адамдарга карата;
2) жашы жете электерге карата;
3) өзүнүн кызмат абалынан пайдаланган адам тарабынан;
4) коркутуп-үркүтүү, зомбулук же аны колдонуу коркунучу менен;
5) жабыр тарткан адамдын инсандыгын ырастаган документтерин алып коюу, жашыруу же жоготуу менен -
үч жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратууга жазаланат.
(3) Ушул берененин биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган, төмөнкү адамдар тарабынан жасалган жосундар:
1. жашы жетпегенге карата;
2. жабыр тарткан адамдын ден соолугуна оор зыян, башка оор кесепеттерге же өлүмүнө алып келген жосундар - жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратууга жазаланат.".
2. 157-беренеде:
- биринчи бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"эсептик көрсөткүчтөрдүн үч жүздөн беш жүзүнө чейинки айып салынышына же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркин чектөөгө же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратууга жазаланышат.";
- экинчи бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"эсептик көрсөткүчтөрдүн беш жүздөн жети жүзгө чейинки айып салынышына же үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркин чектөөгө же үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратууга жазаланышат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү бөлүк менен толукталсын:
(3) Ушул берененин биринчи бөлүгүндө каралган, төмөнкү адамдар тарабынан жасалган жосундар:
1) мыйзам аркылуу жашы жете элек баланы тарбиялоо боюнча милдеттер жүктөлгөн атасы же энеси же башка адам, ошондой эле билим, тарбия берүү, дарылоо же башка мекеменин жашы жете электерге көз салууга милдеттүү педагогу же башка кызматкери тарабынан;
2) алдын-ала көмүскө бүтүм боюнча адамдардын тобу аркылуу -
беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратууга жазаланат.".
3. 241-беренеде:
- 1-бөлүктүн экинчи абзацындагы "үч" деген сөз "беш" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 2-бөлүктүн экинчи абзацындагы "экиден алтыга чейин" деген сөздөр "бештен сегизге чейин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-бөлүктүн экинчи абзацындагы "үчтөн сегизге чейин" деген сөздөр "сегизден онго чейин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-бөлүктүн биринчи абзацы "газ атуучу куралдарды" деген сөздөрдөн кийин "денеге жаракат келтире турган ок менен атууга ылайыкташтырылган жылмакай сайлуу курал" деген сөздөр менен толукталсын.
4. 242-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"242-берене. Куралды мыйзамсыз жасоо, же оңдоо
(1) Ок атуучу куралды мыйзамсыз оңдоо (найы сайсыз аңчылык куралдан башка), же жасоо, ошону менен эле бирге ок-дарыларды, жардыруучу заттарды, же жардыруучу түзүлүштөрдү мыйзамсыз даярдоо,
- беш жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндө айыпка жыгылат, же эки жылга чейинки түзөтүү иштерине, же үч жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат.
(2) Ок атуучу куралдын конструкциясын мыйзамсыз өзгөртүү тындырбай ок атуу мүмкүнчүлүгүнө алып келсе, же куралдын жалпы узундугу 800 мм кем кыскартылса, ошондой эле найы сайсыз, же газдык куралдан сайлуу куралдан атууга колдонулуучу октор менен атууга мүмкүн болсо, -
миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндө айыпка жыгылат үч жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу менен жазаланат.
(3) Ушул берененин 1 жана 2-бөлүмдөрүндө каралган иштерди:
1) алдын ала сүйлөшүп алышкан адамдардын тобу;
2) уюшкан кылмыштуу топтор жасашса, -
үчтөн сегиз жылдык мөөнөткө чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат.
(4) Жарадар кылуучу октор менен атууга болгон газдык, найы сайсыз куралды, ок атылбачуу куралдарды, ошону менен эле бирге ыргытуучу куралдарды мыйзамсыз жасоо, -
жүздөн эки жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндө айыпка жыгылат, же бир жылдык мөөнөткө чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат.
Эскертүү: Ушул беренеде көрсөтүлгөн буюмдарды өз ыктыяры менен тапшырып берген адамдар, эгер алардын аракеттеринде башка кылмыш иштери болбосо, жазык жоопкерчилигинен куткарылат.".
5. 25-глава төмөнкүдөй мазмундагы 262-1-берене менен толукталсын:
"262-1-берене. Порнографиялык мүнөздөгү оюн-зоок иш-чараларына
жашы жете электерди аткаруучулар катары катышууга
тартуу
(1) Порнографиялык мүнөздөгү оюн-зоок иш-чараларына жашы жете электерди аткаруучулар катары катышууга тартуу -
эки жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратууга жазаланат.
(2) Күч колдонуп зомбулук кылуу же аны колдонуу коркунучу менен жасалган ошондой эле жосундар -
эки жылдан үч жылга чейин эркинен ажыратууга жазаланат;
(3) Ушул берененин биринчи бөлүгүндө каралган, төмөнкүлөр тарабынан жасалган жосундар:
1) мыйзам аркылуу жашы жете элек баланы тарбиялоо боюнча милдеттер жүктөлгөн атасы же энеси же башка адам, ошондой эле билим, тарбия берүү, дарылоо же башка мекеменин жашы жете электерге көз салууга милдеттүү педагогу же башка кызматкери;
2) алдын-ала көмүскө бүтүм боюнча адамдардын тобу;
3) жашы жетпегенге карата, -
үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратууга жазаланат.".
6. 304-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "олуттуу" деген сөз алып салынсын.
7. 305-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "олуттуу кыйла" деген сөздөр алып салынсын.
8. 316-берененин биринчи бөлүгүндөгү "олуттуу" деген сөз алып салынсын.
2-берене.
Бул Мыйзам жарыяланган учурдан баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-ж.,№10, 442-б.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
163-берененин биринчи бөлүгүндөгү "125" цифралары "125-1" цифралары менен алмаштырылсын.
2-берене.
Бул Мыйзам жарыяланган учурдан баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|