Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 25-марты №171
"Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу
1-берене.
"Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2005-жылдын 1-апрели, N 28) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 6-берененин үчүнчү бөлүгүнүн экинчи-онунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"прокуратура органдары;
ички иштер органдары;
тышкы иштер чөйрөсүндө ыйгарым укук берилген орган, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери;
улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укук берилген орган;
мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укук берилген орган;
бажы иши чөйрөсүндө ыйгарым укук берилген орган;
социалдык өнүктүрүү жана эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укук берилген органдар;
билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укук берилген орган;
жарандардын саламаттыгын сактоо чөйрөсүндө ыйгарым укук берилген орган;".
2. 8-берененин үчүнчү бөлүгүндөгү "Ыйгарым укуктуу органдын курамына тең укуктуу мүчөлөрү катары" деген сөздөр "Ыйгарым укук берилген орган өзүнүн ишин өкүлдөр менен өз ара аракетте жүзөгө ашырат" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 9-беренеде:
- экинчи бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы" деген сөздөр "Прокуратура органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- үчүнчү бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана анын аймактык органдары" деген сөздөр "Ички иштер органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төртүнчү бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги" деген сөздөр "Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укук берилген орган, дипломатиялык өкүлчүлүктөр жана консулдук мекемелер" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- бешинчи бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматы жана анын" деген сөздөр "Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укук берилген орган жана анын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- алтынчы бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын Чегара кызматы" деген сөздөр "Мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укук берилген орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жетинчи бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Кирешелер боюнча комитетинин Бажы кызматынын департаменти" деген сөздөр "Бажы кызматы чөйрөсүндөгү ыйгарым укук берилген орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- сегизинчи бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиги" деген сөздөр "Эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укук берилген органдар иштеп чыгышат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- тогузунчу бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги" деген сөздөр "Билим берүү жана илим чөйрөсүндө ыйгарым укук берилген орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- онунчу бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги" деген сөздөр "Жарандардын саламаттыгын сактоо чөйрөсүндө ыйгарым укук берилген орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 28-берененин төртүнчү бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги же анын аймактык органдары "Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалы жөнүндө" Мыйзамга ылайык" деген сөздөр "Компетенциясына жашоо укугун берүү маселелери кирген ыйгарым укук берилген орган Мыйзамдарда белгиленген тартипте" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|