Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 25-марты №172
"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., Р №3, 76-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 2-беренеде:
- биринчи бөлүктүн төртүнчү абзацы алып салынсын;
- биринчи бөлүктүн бешинчи абзацындагы "жана экзаменден" деген сөздөр алып салынсын.
2. 8-беренеде:
- тогузунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"8) жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга контролдукту жүзөгө ашыруу, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндө эсепке алуу-каттоо ишин жүргүзүү, автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин мамлекеттик техникалык кароодон өткөрүү, ошондой эле уурдалган, айдалып кеткен жана жол-транспорт окуясы болгон жерден качып кеткен автомототранспорт каражаттарын издөөнү жүзөгө ашыруу;";
- он биринчи, он экинчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"10) баңгизаттардын, психотроп заттарынын жана прекурсорлордун мыйзамсыз жүгүртүүгө келип түшүү булактарын жана каналдарын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча тармактар аралык координациялоону камсыз кылуу;
11) мамлекеттик органдар менен бирге баңгизаттарды, психотроп заттарын, прекурсорлорду жүгүртүү жана аларды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана кыянатчылык менен пайдаланууга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жана стратегияны иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга катышуу;";
- он үчүнчү абзацтагы "Улуттук гвардиянын, Коргоо министрлигинин жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин" деген сөздөр "коргонуу, улуттук коопсуздук жана мамлекеттик күзөт чөйрөсүндөгү органдардын." деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 9-берененин жыйырма жетинчи абзацындагы ", мамлекеттик комитеттердин", "жана айлана-чөйрөнү коргоо" деген сөздөр алып салынсын.
4. 18-берененин биринчи бөлүгүндөгү ", мамлекеттик комитеттер" деген сөздөр алып салынсын.
5. 24-берененин биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Ички иштер органдарын каржылоо республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин, министрликтерден жана администрациялык ведомстволордон, ишканалардан, башка юридикалык жана жеке жактардан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте башка булактардан келип түшкөн каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат.".
6. 25-беренеде:
- үчүнчү бөлүктөгү ", мамлекеттик комитеттер" деген сөздөр алып салынсын;
- бешинчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдарга кызматтык телефондор коюлганда жана АТС номерлери берилгенде ички иштер органдарынын байланыш чөйрөсүндөгү бөлүмдөрү жана мекемелери байланыш тармактарын өнүктүрүүгө үлүштүк катышуу боюнча каражат төлөөдөн бошотулат.".
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-февралындагы №76 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 25-марты №172
"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | Д.Үсөнов |