Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 25-марты №173
"Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри жана Кыргыз Республикасынын ички иштер министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалышсын.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу
1-берене.
"Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 9, 322-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Преамбуладагы "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин" деген сөздөр "транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 1-берененин экинчи жана бешинчи бөлүктөрү күчүн жоготту деп табылсын.
3. 3-берененин биринчи бөлүгүндөгү "жол кыймылынын эрежелери, мамлекеттик стандарттар жана башка ченемдик документтер" деген сөздөр "нормативдик укуктук актылар" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 4-берененин экинчи бөлүгүндөгү жана 29-берененин экинчи бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги" деген сөздөр "транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 6-берененин экинчи бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жана Кыргыз Республикасынын ИИМ Мамлекеттик автомобиль инспекциясы" деген сөздөр "транспорт жана коммуникациялар жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдар" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 8-берененин экинчи бөлүгүндөгү, 9-беренедеги, 11-берененин биринчи бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин" деген сөздөр "транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укук берилген мамлекеттик органга" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. 13-беренеде:
- "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги" деген сөздөр "транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- алтынчы бөлүктүн алтынчы абзацындагы "бирдиктүү стандарттардын жана ченемдердин негизинде" деген сөздөр алып салынсын;
- алтынчы бөлүктүн жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- автомобиль жолдорунун ээсинин транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укук берилген мамлекеттик органга отчеттуулугу жана контролдуулугу;";
- жетинчи бөлүктүн төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- жол кыймылын жөнгө салуучу нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу;".
8. 16-беренедеги "колдонуудагы стандарттарга жана нормативдерге жана эл чарбасынын жана калктын ташуудагы керектөөлөрүнө" деген сөздөр "нормативдик укуктук актыларга" деген сөздөргө алмаштырылсын.
9. 18-беренеде:
- биринчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Жалпы пайдалануудагы, жергиликтүү маанидеги жана ведомстволук автомобиль жолдорун пайдалануу жана сактоо тартиби Өкмөт тарабынан аныкталат.";
- экинчи бөлүк күчүн жоготту деп табылсын;
- үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын ИИМ Мамлекеттик автомобиль инспекциясы" деген сөздөр "транспорт жана коммуникациялар жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жетинчи бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын ИИМ Мамлекеттик автомобиль инспекциясынын органдары" деген сөздөр "жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндө ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
10. 19-беренеде:
- биринчи бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын ИИМ Мамлекеттик автомобиль инспекциясынын органдары менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги" деген сөздөр "транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган менен макулдашуусу боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- үчүнчү бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин" деген сөздөр "транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
11. 21-беренедеги "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин" деген сөздөр "транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
12. 22-беренеде:
- экинчи бөлүктүн экинчи, үчүнчү жана төртүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- эл аралык, мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги автомобиль жолдорунда - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү;";
- бешинчи жана алтынчы абзацтарындагы "мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдары жана Кыргыз Республикасынын ИИМ Мамлекеттик автомобиль инспекциясынын" деген сөздөр "жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- экинчи бөлүктүн жетинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын ИИМинин Мамлекеттик автомобиль инспекциясынын" деген сөздөр "жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- үчүнчү бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жол органдары Кыргыз Республикасынын ИИМ Мамлекеттик автомобиль инспекциясынын органдары менен макулдашуу боюнча" деген сөздөр "транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдары менен макулдашуусу боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын.
13. 23-беренеде:
- алтынчы бөлүктүн экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин" деген сөздөр "транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- сегизинчи бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын ИИМ Мамлекеттик автомобиль инспекциясынын органдары менен макулдашылышы" деген сөздөр "транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдары менен макулдашууга тийиш" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- тогузунчу бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин уруксатысыз жана Кыргыз Республикасынын ИИМ Мамлекеттик автомобиль инспекциясынын органдарынын макулдугусуз" деген сөздөр "транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдары менен макулдашууга тийиш" деген сөздөргө алмаштырылсын.
14. 24-берененин биринчи бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги" деген сөздөр "транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
15. 27-беренеде:
- экинчи бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын ИИМ Мамлекеттик автомобиль инспекциясынын органдарынын макулдугусуз жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин же атайын ыйгарым укук берилген жол органдарынын тиешелүү уруксатысыз" деген сөздөр "Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын жана транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын тийиштүү уруксатысыз" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төртүнчү бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин" деген сөздөр "транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
16. 28-беренеде:
- биринчи бөлүктүн биринчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин" деген сөздөр "транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- экинчи бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги" деген сөздөр "Өкмөт" деген сөзгө алмаштырылсын.
17. 30-берененин биринчи бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын ИИМ Мамлекеттик автомобиль инспекциясынын органдарына" деген сөздөр "жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндө ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
18. 31-беренеде:
- "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги" деген сөздөр "транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- "Кыргыз Республикасынын ИИМ Мамлекеттик автомобиль инспекциясынын" деген сөздөр "жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндө ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
19. 32-беренеде:
- биринчи бөлүктөгү жана төртүнчү бөлүктүн экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин" деген сөздөр "транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- биринчи бөлүктөгү ", техникалык ченемдер менен стандарттарга" деген сөздөр алып салынсын;
- бешинчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Автомобиль жолдорун жана темир жол өткөөлдөрүн ремонттоонун жана күтүүнүн тартиби Өкмөт тарабынан аныкталат.";
- алтынчы бөлүк күчүн жоготту деп табылсын.
20. 33-беренеде:
- биринчи бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги" деген сөздөр "Өкмөт" деген сөзгө алмаштырылсын;
- экинчи бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын ИИМ Мамлекеттик автомобиль инспекциясынын органдары" деген сөздөр "транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндө ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- үчүнчү жана бешинчи бөлүктөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин" деген сөздөр "транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндө ыйгарым укук берилген мамлекеттин органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төртүнчү бөлүк күчүн жоготту деп табылсын.
21. 37-беренеде:
- биринчи бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын ИИМ Мамлекеттик автомобиль инспекциясынын органдарынын," деген сөздөр "транспорт жана коммуникациялар жана жол кыймылын камсыз кылуу чөйрөсүндө ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- экинчи бөлүк күчүн жоготту деп табылсын;
- үчүнчү бөлүктөгү "тиешелүү мыйзамдарды сактоону камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын ИИМ Мамлекеттик автомобиль инспекциясына жүктөлөт" деген сөздөр "тийиштүү нормативдик укуктук актылар жол кыймылын камсыз кылуу чөйрөсүндө ыйгарым укук берилген мамлекеттик органга жүктөлөт" деген сөзгө алмаштырылсын.
22. 38-беренедеги "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жол органдары, Кыргыз Республикасынын ИИМ Мамлекеттик автомобиль инспекциясы" деген сөздөр "транспорт жана коммуникациялар жана жол кыймылын камсыз кылуу чөйрөсүндө ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдар" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|