Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 25-марты №174
"Маалыматташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Маалыматташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Маалыматташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу"
1-берене.
"Маалыматташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 3, 98-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1-берененин үчүнчү бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдеринде" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 4-беренедеги "Кыргыз Республикасы түзгөн эл аралык келишимдер жана макулдашуулар, ошондой эле Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланган эл аралык укуктун принциптери жана ченемдери" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер жана макулдашуулар" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 16-берененин үчүнчү бөлүгүндөгү "мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары өз компетенциясынын чегинде чыгарган ченемдик актылар, ошондой эле келишимдер жана макулдашуулар тарабынан белгиленет" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ошондой эле келишимдер жана макулдашуулар тарабынан аныкталат" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 17-берененин үчүнчү бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасында кабыл алынган стандарттарды жана талаптарды" деген сөздөр "нормативдик укуктук актылардын талаптары" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 18-берененин төртүнчү бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"4. Маалыматтардын байланыш жана өткөрүп берүү системалары техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө мыйзамдарга ылайык келүүнү ырастоо жол-жоболоруна тийиштүү болушу мүмкүн.".
6. 20-берененин биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1. Укук ченемсиз колдонуу менчик ээсине, ээлөөчүгө пайдалануучуга жана башка адамга зыян келтириши мүмкүн болгон, документтештирилген ар кандай маалымат корголууга тийиш.
Мамлекеттик жашыруун сырга жана ачык же купуя документтелген маалыматка киргизилген кабарларга карата маалыматты, коргоо режими Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.".
7. 21-беренеде:
- үчүнчү бөлүктөгү "арбитраждык сот," деген сөздөр алып салынсын;
- бешинчи бөлүктөгү "Кыргыз Республикасы ратификациялаган эл аралык келишимдерин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. 22-берененин экинчи бөлүгүндөгү "же арбитраждык сотко" деген сөздөр алып салынсын.
9. 24-беренеде:
- экинчи бөлүгүнүн экинчи жана үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- транспорт жана коммуникациялар тармагындагы ыйгарым укук берилген орган;
- статистика тармагындагы ыйгарым укук берилген орган";
- үчүнчү бөлүк күчүн жоготту деп табылсын.
10. 25-берене күчүн жоготту деп табылсын.
11. 28-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"28-берене. Маалыматтык системаларга, технологияларга жана аларды
камсыз кылуу каражаттарына ылайыктуулуугун ырастоо
жол-жоболору
Атаандаштыкка жөндөмдүүлүк сапатын камсыз кылуу жана ички рынокту коргоо үчүн техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте маалыматтык системаларга, технологияларга жана аларды камсыз кылуу каражаттарына ылайыктуулуугун ырастоо жол-жобосу жүзөгө ашырылышы мүмкүн.".
12. 29-берененин үчүнчү бөлүгүндөгү ", ошондой эле өндүрүүчүлөрдү стандарттардын жана сапаттын зарыл деңгээлин камсыз кылууга милдеттендирүүгө укуктуу" деген сөздөр алып салынсын.
13. 30-берененин экинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2. Мамлекеттин маалыматтык инфраструктурасынын абалын эсепке алуу жана талдоо эрежелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
14. 33-берененин экинчи-бөлүгүндөгү "эл аралык келишимдердин жана макулдашуулардын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин жана макулдашуулардын күчүнөн" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|