Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 25-марты №175
"Кыргыз Республикасынын шаар курулушу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын шаар курулушу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин директору аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын шаар курулушу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө
1- берене. Бул мыйзамдын предмети
Бул Мыйзам шаар курулушу ишинин жалпы негиздерин белгилейт жана Кыргыз Республикасынын аймагында адамдын жашоо-турмушунун, жаратылышты пайдалануу жана өндүрүш күчтөрдү жайгаштыруунун ыңгайлуу чөйрөсүн сарамжалдуу түзүүнү эске алуу менен администрациялык-аймактык бирдиктерди жайгаштыруунун аймактык системаларын өнүктүрүүнү камсыз кылууга багытталган.
2-берене. Шаар курулуш ишинин негизги багыттары
Шаар курулуш ишинин негизги багыттары төмөнкүлөр:
1) өндүргүч күчтөрдү жайгаштырууну, инженердик, транспорттук, социалдык инфраструктураларды айлана-чөйрөнү экологиялык абалын эске алуу менен түзүүнү аныктоочу жайгаштырууну аймактык уюштурууну болжолдоо, долбоорлоо жана жөнгө салуу;
2) администрациялык-аймактык бирдиктердин жаратылыш чөйрөсү менен өз ара иштөөсүнүн негизги шарттарынын концепцияларын иштеп чыгуу жана аныктоо;
3) администрациялык-аймактык бирдиктерди пландоо, куруу, реконструкциялоо жана көрктөндүрүү боюнча шаар курулушу чечимдерин иштеп чыгуу;
4) жерди сарамжалдуу пайдалануу, жаратылыш чөйрөсүн коргоо, ресурстарды үнөмдөө, инженердик даярдык жана аймактарды коркунучтуу табигый жана техногендик процесстерден коргоо;
5) тарыхий-маданий мурасты, шаар курулушу, архитектура жана монументалдык искусство эстеликтерин, ландшафттарды жана башка корголуучу аймактарды сактоо жана калыбына келтирүү;
6) шаар курулушу жагында кесипкөй кадрларды комплекстүү даярдоо системасын түзүү;
7) турак-жай, коомдук жана өндүрүштүк фондду инженердик-транспорт инфраструктурасы алга озуп өнүккөн учурда өз-ара байланышта өнүктүрүү.
3-берене. Кыргыз Республикасынын архитектура жана шаар курулушу жөнүндө мыйзамдары
Кыргыз Республикасынын архитектура жана шаар курулушу жөнүндө мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет, ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, Мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
4-берене. Бул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү
1. Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу же убактылуу жашаган жарандыгы жок адамдарга жана шаар курулушу ишин жүргүзгөн жана анын натыйжаларын пайдаланган юридикалык жактарга таралат.
2. Долбоорлоочулардын, курулушчулардын, экплуатациялоочулардын жана шаар курулушу ишине башка катышуучулардын мамилелери тийиштүү нормативдик укуктук актылар менен жөнгө салынат.
5-берене. Шаар курулушундагы укуктук мамилелер предмети
Шаар курулушунун укуктук мамилелеринин предмети шаар курулушу ишинин бардык түрлөрүнүн натыйжасында адамдын жашоосунун жана жашоо-турмушу чөйрөсүн пландаштыруу, иштөөсү, башкаруу жана башка өзгөртүүлөр болуп саналат.
6-берене. Шаар курулушу ишинин объекттери
Шаар курулушу ишинин объекттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) жайгаштырууну аймактык уюштуруу системалары;
2) аймактык-өндүрүштүк (агроөнөржайлык, гидротехникалык, өнөр жайлык) комплексттерди, рекреациялык, жаратылышты коргоо жана башка зоналарды жайгаштыруу системалары;
3) администрациялык-аймактык бирдиктер, алардын системалары;
4) шаар курулушу, архитектуралык, ландшафттык комплексттер, ансамблдер, имараттар, курулмалар, тарыхий жана маданий эстеликтер;
5) инфраструктура, инженердик жана жол-транспорт курулмалары жана коммуникациялар.
7-берене. Шаар курулушу укук мамилелеринин субъекттери
Кыргыз Республикасында шаар курулушу укук мамилелеринин субъекттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) жарандар жана алардын бирикмелери;
2) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
3) уюштуруу формаларына жана менчигинин формаларына карабастан, шаар курулушу документтерин иштеп чыгуучу жана жүзөгө ашыруучу юридикалык жактар.
8-берене. Шаар курулушу ишинин принциптери
Шаар курулушу ишинин принциптери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) мыйзамдуулук;
2) шаар курулушу процессине катышуучулардын ар биринин укуктарын жана милдеттерин ишке ашырууну камсыз кылуу;
3) администрациялык-аймактык бирдиктерди жана алардын системаларын түзүүнүн жана өнүктүрүүнүн экологиялык жана социалдык шарттарынын артыкчылыктуулугу;
4) шаар курулушу иши процессинде чечимдерди кабыл алуудагы айкындуулук жана коомдук мамилени эске алуу;
5) жашоо-турмуш чөйрөсүн түзүүдө улуттук жана маданий салттарды, архитектуралык жана тарыхий-маданий мурастарды сактоо жана көбөйтүү.
9-берене. Жарандардын ыңгайлуу жашоо чөйрөсүнө укуктуулугу
1. Шаар курулушу иши жарандын өмүрү жана саламаттыгы үчүн ыңгайлуу жаратылыш чөйрөсүнө, жашаган жери, эмгектенүүсүн жана эс алуусун тандап алууга конституциялык укуктарын камсыз кылуучу зарыл болгон шарттарды түзүүгө багытталган.
2. Жашаган жери жашоо-турмуштун, жаратылыш чөйрөсүн коргоонун жана жашоо шарттарынын сапатына жана коопсуздугуна карата талаптарды камтыган нормативдик укуктук актыларга ылайык келүүгө тийиш.
3. Мамлекеттик кызыкчылыктар менен шартталган айрым учурларда мыйзамдарга ылайык өзгөчө режимди белгилөө менен экологиялык жагымсыз аймактарда калктын убактылуу жашоосуна жана чарбалык ишти жүзөгө ашыруусуна жол берилет.
10-берене. Жарандардын жана алардын бирикмелеринин шаар куруу чечимдерин кабыл алууга катышуу укуктары
1. Жарандардын жана алардын бирикмелери төмөнкүлөргө укуктуу:
1) аймактардын, калктуу конуштардын экологиялык, шаар курулушу, социалдык экономикалык абалы жөнүндө, аймактарды уюштурууда өзгөртүү менен байланышкан программаларды, долбоорлорду иштеп чыгуу жана алардын абалы жөнүндө маалымат алууга;
2) жарандардын жана алардын бирикмелеринин укуктарын жана кызыкчылыктарын козгогон шаар курулушу программаларын жана долбоорлорун кароого жана талкууга катышууга;
3) жашоо-турмуш чөйрөсүн жакшыртуу боюнча мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунуштарды киргизүүгө;
4) шаар курулушу долбоорлорунун көз каранды эмес экспертизасына катышууга;
5) шаар курулушу чөйрөсүндө мүлктүк жана башка укуктарды бузган адамдардын аракеттерин сот органдары аркылуу талашып чечүүгө.
2. Шаар курулушу жагындагы укуктарды алардын багытына карама-каршы же башка жарандардын жана юридикалык жактардын Мыйзам тарабынан корголгон кызыкчылыктарын бузуу менен жүзөгө ашырууга жол берилбейт.
11-берене. Шаар курулушу чөйрөсүндөгү жарандардын жана юридикалык жактардын милдеттери
1. Жарандар, юридикалык жактар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) бекитилген шаар курулушу программаларын жана долбоорлорун ишке ашырууга көмөктөшүүгө жана катышууга;
2) жашоо-турмуш чөйрөсүн начарлатууга, тарыхий-маданий баалуулуктарды, архитектура эстеликтерин жана табигый ландшафттарды бузууга багытталган аракеттерге жол бербөөгө;
3) айлана-чөйрөнүн абалына терс таасир тийгизиши мүмкүн болгон өз алдынча иш-аракеттерге жол бербөөгө.
2. Мыйзам тарабынан жарандардын жана юридикалык жактардын башка милдеттери белгилениши мүмкүн.
12- берене. Шаар курулушу документтеринин статусу
1. Шаар курулушу объекттерин куруу, реконструкциялоо шаар куруу документтерисиз жүзөгө ашырылышы мүмкүн эмес.
Белгиленген тартипте иштелип чыккан жана бекитилген шаар курулушу программалары, схемалары, пландары жана долбоорлору ведомстволук таандыктыгына жана менчигинин түрүнө карабастан имараттарды жана курулмаларды долбоорлоону, курууну, реконструкциялоону жүзөгө ашыруучу бардык юридикалык жана жеке жактардын аткаруусу үчүн милдеттүү.
Бекитилген шаар курулушу документтери шаар курулушу ишинин объекттерин пландаштыруу жана каржылоо үчүн негиз болуп саналат.
2. Калктуу конуштардын башкы пландарын жана долбоордук-пландаштыруучу документтеринин архитектуралык-пландаштыруусу чечимдерин, алардын бөлүктөрүн өзгөртүү архитектура жана курулуш иштери боюнча ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган жана өз алдынча башкаруу органдары менен макулдаштыкта жүргүзүлөт жана белгиленген тартипте бекитилет.
13-берене. Шаар курулушу ишиндеги мамлекеттик контролдоо
1. Шаар курулушу жагындагы мамлекеттик контролдун милдеттери бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жеке жана юридикалык жактар тарабынан ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларынын талаптарынын сакталышын камсыз кылуудан турат.
2. Мамлекеттик контроль архитектура жана курулуш иштери боюнча ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат.
14-берене. Шаар курулушу субъекттеринин укуктарынын мамлекеттик кепилдиктери
1. Мамлекет шаар курулушу ишинин бардык субъекттерине бул Мыйзамга жана башка нормативдик укуктук актыларга ылайык жүзөгө ашыруу үчүн бирдей юридикалык укуктардын сакталышын кепилдикке алат.
2. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жеке жана юридикалык жактар шаар курулушу ишинин башка субъекттеринин укуктарын сактоого жана аларды ушул Мыйзамга жана башка нормативдик укуктук актыларга ылайык жүзөгө ашырууга көмөктөшүүгө милдеттүү.
15-берене. Шаар курулушу мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
Ушул Мыйзамды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларынын шаар курулушу иши жагындагы жоболорун бузгандыгы үчүн күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тартиптик, администрациялык жана жазыктык жоопкерчиликке тартылышат.
16-берене. Талаш-тартыштарды жана кайчы пикирлерди кароо тартиби
1. Шаар курулушу ишин жүзөгө ашыруу ишине байланыштуу талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык же сот тартибинде чечилет.
2. Шаар курулушу укук мамилелери субъекттеринин ортосундагы зыяндын ордун төлөөгө тиешелүү талаш-тартыштар сот тартибинде чечилет.
17-берене. Эл аралык кызматташтык
Шаар курулушу субъекттери эл аралык кызматташтыкты мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашыра алышат.
Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандар, мамлекеттер жана эл аралык уюмдар жүзөгө ашыруучу шаар курулушу иши нормативдик укуктук актылар менен жөнгө салынат.
Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзам менен бекитилген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимде Кыргыз Республикасынын шаар курулушу мыйзамдарында камтылгандардан башка эрежелер белгиленсе, эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.
18-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
1. "Кыргыз Республикасынын шаар курулушу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ведомосттору, 1991-ж., № 22, 698-берене).
2. 2003-жылдын 11-июнундагы № 104 "Кыргыз Республикасынын шаар курулушу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин 1991-жылдын 21-декабрындагы № 688-XII "Кыргыз Республикасынын шаар курулушу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүүнүн тартиби тууралуу" токтому.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|