Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 30-марты №193
Мамлекеттин менчигине айландырылган товарларды максаттуу пайдалануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы №961 "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому менен бекитилген Бажы режимдерин колдонуу боюнча нускаманын 200-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы "Ак-Жол" камсыздандыруу компаниясы" ачык акционердик коому тарабынан Кыргыз Республикасына алынып келген жана № 9883/04/270709/1514 жүктүн бажы декларациясы боюнча мамлекеттин пайдасына баш тартуу бажы режиминде таризделген фонтандардын комплекттик бөлүктөрүн белгиленген тартипте Бишкек шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп берсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматына жана Бишкек шаарынын мэриясына жүктөлсүн.
Премьер-министри | Д.Үсөнов |