Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 29-июлу №140
Баланын укуктары жөнүндө конвенцияны аткаруу боюнча 2010-жылы берилүүгө тийиш болгон Кыргыз Республикасынын бириктирилген үчүнчү жана төртүнчү баяндамасы тууралуу
Баланын укуктары жөнүндө конвенцияны аткаруу боюнча 2010-жылы берилүүгө тийиш болгон Кыргыз Республикасынын бириктирилген үчүнчү жана төртүнчү баяндамасын Бириккен Улуттар Уюмунун Баланын укуктары боюнча комитетине берүү максатында, Баланын укуктары жөнүндө конвенциянын 44-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баланын укуктары жөнүндө конвенцияны аткаруу боюнча 2010-жылы берилүүгө тийиш болгон Кыргыз Республикасынын расмий тилде тиркелген бириктирилген үчүнчү жана төртүнчү баяндамасы жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Баланын укуктары жөнүндө конвенциянын 44-беренесине ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда аталган баяндаманы Бириккен Улуттар Уюмунун Баланын укуктары боюнча комитетине жиберсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти | Р.Отунбаева |