Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы № 26 токтомуна ылайык күчүн жоготкон

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ 

2010-жылдын 13-августундагы № 158

Кыргыз Республикасынын кризиске каршы планын жана Кыргыз Республикасынын кризиске каршы планын ишке ашыруу боюнча иш-аралардын планын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасы кризистик кырдаалда калып, ал жашоонун жана иштөөнүн баардык чөйрөлөрүнө кесепетин тийгизди.

2010-жылдын апрелинде жана июнунда болуп өткөн саясий окуялар Кыргыз Республикасында терең экономикалык толкундоолорго жана социалдык туруксуздукка алып келди.

Түзүлгөн кырдаал турмуштук маанилүү маселелерди жана аларды аткаруу Кыргыз Республикасынын орто мөөнөттүү экономикалык өсүшүнө көмөктөшө турган милдеттерди чечүү үчүн зарыл болгон биринчи кезектүү мүнөздөгү чараларды ишке ашырууну талап кылат.

Өлкөдөгү экономикалык кырдаалды тезинен турукташтыруу жана орто мөөнөттүү экономикалык өсүшкө чыгууну камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген Кыргыз Республикасынын кризиске каршы планы (мындан ары - Кризиске каршы план) жана Кыргыз Республикасынын кризиске каршы планын ишке ашыруу боюнча иш-чараларынын планы бекитилсин.

2. Министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:

- ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып бир жумалык мөөнөттө өздөрү тейлеген багыттар боюнча Кризиске каршы планга ылайык иш-чаралардын планын белгиленген тартипте бекитсин жана аларды аткарууга киришсин;

- Кризистик планды белгиленген мөөнөттөрдө аткаруу боюнча айкын чараларды көрсүн;

- ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10нан кечиктирбестен Кризиске каршы планды аткаруу боюнча маалыматты Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине жалпылоо үчүн берип турсун.

3. Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги ай сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен Кризиске каршы пландын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.

4. Кризиске каршы пландын сапаттуу жана өз убагында аткарылышы үчүн министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жана башка мамлекеттик башкаруу органдарынын жетекчилеринин жеке жоопкерчилиги белгиленсин.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык өнүгүү жана мониторинг бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

Р. Отунбаева