Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 13-августу № 159
Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына шайлоолор боюнча рейтингдик добуш берүүнүн биринчи этабы жөнүндө
«Кыргыз Республикасында коомдук телерадиоберүүнү түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-апрелиндеги № 28 Декретинин жоболоруна, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү компаниясынын Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүн шайлоонун бекитилген жолжоболоруна ылайык, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Маалыматтык-координациялык борбор Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына шайлоо боюнча добуш берүүнүн экинчи этабы үчүн катталган 47 талапкердин ичинен 30 талапкерди тандап алуу боюнча сурамжылоо усулу менен Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн добуш берүүсүн уюштурсун.
2. 2010-жылдын 5-августуна чейинки мөөнөттө алынган маалыматтарды иштеп чыксын жана рейтингдик добуш берүү жолу менен аныкталган 30 талапкерди Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн добуш берүүсүнүн экинчи этабына киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р. Отунбаева |