Загрузка документа…
ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2010-жылдын 16-августундагы №161
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 20-февралындагы № 90 «Кыргыз Республикасында өндүрүлүүчү алтын менен күмүштү алууга, кайра иштетүүгө жана сатууга байланышкан операцияларга салык салууну иретке келтирүү жөнүндө» токтому;
- «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 20-февралындагы № 90 «Кыргыз Республикасында өндүрүлүүчү алтын менен күмүштү алууга, кайра иштетүүгө жана сатууга байланышкан операцияларга салык салууну иретке келтирүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 19-июлундагы № 425 токтому.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |