КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 3-сентябрындагы №183
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 2-сентябрындагы № 509 «Карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу боюнча иш-чараларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Карышкырларга жана чөөлөргө каршы күрөштү күчөтүү жана республиканын аймагында алардын санын жөнгө салуу боюнча иш-чараларга мамлекеттик колдоону камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 2-сентябрындагы № 509 «Карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу боюнча иш-чараларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмөдөгү «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик токой кызматы» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«3. Жок кылынган карышкырлардын жана чөөлөрдүн терилерин өткөргөндүгү үчүн сыйлыктар төмөнкүдөй өлчөмдө (бир башы үчүн) белгиленсин: карышкыр үчүн (дөбөтү) - 2500 сом, карышкыр үчүн (канчыгы) 3000 сом, карышкырдын бөлтүрүктөрү үчүн - 1500 сом, чөө үчүн - 1300 сом.».
2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |