Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 6-сентябрындагы №192
Мамлекеттин менчигине айланган товарларды максаттуу пайдалануу жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын жүзөгө ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 токтому менен бекитилген бажы режимдерин колдонуу боюнча Нускаманын 200-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасындагы Түрк Республикасынын Элчилиги тарабынан Кыргыз Республикасына алынып келинген жана № 9800/08/150710/776 бажылык жүк декларациясы боюнча мамлекеттин пайдасына баш тартуу менен бажылык режимде жол-жоболоштурулган, 1992-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № 10398712003006, шассисинин № WDВ46322817090551 «Мерседес-Бенц G-300» маркасындагы автомашинаны белгиленген тартипте баланска алсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги аталган мүлктүн баасын республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө эсепке алсын.
3. Ушул токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |