Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы № 26 токтомуна ылайык күчүн жоготкон
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 8-сентябры №195
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-июнундагы № 71 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалды жакшыртуу боюнча 2011-жылга чейинки биринчи кезектеги чаралары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасынын финансылык туруктуулугун чыңдоо, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун материалдык жана техникалык абалын колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-июнундагы №71 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалды жакшыртуу боюнча 2011-жылга чейинки биринчи кезектеги чаралары жөнүндө" токтому менен бекитилген 2011-жылга чейин өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын турукташтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн биринчи кезектеги чараларынын планына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 4.2-пунктунун "чаралар/иш-аракеттер" графасынын үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп эсептелсин;
- 7.21-пунктунун "чаралар/иш-аракеттер" графасынын үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- камсыздандыруу взносторун которуу ставкаларын азайтуу мүмкүнчүлүгүн кароо;".
Кыргыз Республикасынын Президенти | Р.Отунбаева |