Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 9-сентябрындагы №197
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)
Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу үчүн башкаруучу кадрларды даярдоо программасынын угуучуларын каржылоону өркүндөтүү жана камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-майындагы № 52 «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар үчүн жаш башкаруу кадрларынын жаңы муунун даярдоону уюштуруу маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Башкаруу кадрларын даярдоону ишке ашырууга катышуу үчүн билим берүү программаларын тандап алуу жөнүндө жободо:
- 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6. Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу үчүн башкаруучу кадрларды даярдоо программасы (мындан арыбашкаруучу кадрларды даярдоо программасы) алынган билимди иш жүзүндө колдонуу мүмкүндүгүн камсыздоо үчүн региондук керектөөлөргө жооп берүүчү сабактарды камтууга тийиш.»;
- 9-пунктунун экинчи абзацындагы «кызмат орундарынын тобуна» деген сөздөр «региондук керектөөлөргө» деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Башкаруу кадрларын даярдоону уюштуруу боюнча комиссиялар жөнүндө жободо:
- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Комиссия Башкаруучу кадрларды даярдоо программасы боюнча окутууга кандидаттарды Бишкек шаарында жана Кыргыз Республикасынын облустук борборлорунда тандайт.»;
- 4-пунктунда:
«1-Программасы боюнча» деген сөздөр «Бишкек шаары боюнча» деген сөздөргө алмаштырылсын;
«2 жана 3-программалар боюнча» жана «1-2-3-программалар боюнча» деген сөздөр алып салынсын;
- 6-пунктундагы «2- жана 3-Программалары боюнча» деген сөздөр алып салынсын;
- 8-пунктундагы «1-2-3-программалары боюнча» деген сөздөр алып салынсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |